Психолог бала кездеги айрым сөздөр жашоону кантип бузуп коёрун айтып берди

© Фото / Pexels / Ryan AryaКүзгүнүн алдында турган аял. Архивдик сүрөт
Күзгүнүн алдында турган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, бул нерсенин баары адамдын кесип тандоосуна, сүйүктүү адамына жетүүсүнө, жашоодон ырахат алып жашоосуна тоскоолдук болот.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ата-эненин байкап-байкабай айта берген сөздөрү баланын кийинки жашоосуна терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы психолог Михаил Лабковскийге шилтеме берүү менен жазды.
Адис эң кеңири тараган сөздөрдү мисал келтирди.
"Акча жок" — бала кичине кезинде оюнчук же таттууларды сураган сайын "ага акча жок" деген сөздөрдү уга берсе, кийин мен каалаган нерсеме эч качан акчам жетпейт деген түшүнүк менен чоңоюшу мүмкүн;
"Эмнеге бош отурасың? Кыларга иш жокпу?" — бул сөздөрдү көп угуп чоңойгон киши оңой менен эс алып, бош убакыттан ырахат ала албай калат. Колу бошой калса эле өзүн күнөөлүү сезет;
"Башканы коюп, сабак оку" — адамды өзү сүйгөн ишти кылуудан оолактатат. Анын ордуна өтө маанилүү, зарыл деп эсептеген нерселер менен гана алектенип калат;
"Кебетең кантет? Кийимиңдин кирин карачы" — адамдын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтө турган сөздөр.
Адистин айтымында, бул нерсенин баары адамдын кесип тандоосуна, сүйүктүү адамына жетүүсүнө, жашоодон ырахат алып жашоосуна тоскоолдук болот.
Психолог Шолпан Мамытова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Радио
Баланы 1-класска кантип даярдоо керек? Психологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0