Баткендеги кагылышта жабыркагандарга жөлөк пул, соцпакет берилмей болду

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстандын аткылоосунан жабыркаган үйдүн жанындагы Капчыгай айылынын тургуну. Архив
Тажикстандын аткылоосунан жабыркаган үйдүн жанындагы Капчыгай айылынын тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Мамлекет Баткендеги чек ара кагылышында майыптык алгандарды дарылануу, турак жай алуу, курман болгондордун балдарын окутуу боюнча ар кандай социалдык жеңилдиктер менен камсыздайт.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров тажик тараптын Баткенге кол салуусунан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана майыптык алган жарандарга кошумча жөлөк пул, социалдык жеңилдиктерди берүү мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алынган.
Долбоордун негиздемесинде пособиени ай сайын 5 500 сомдон төлөө сунушталган, бирок так өлчөмүн министрлер кабинети инфляцияга карап бекитет. Болжол менен, 2021-жылдын апрелинде жабыркаган 77 адам, 2022-жылдын сентябрындагы кагылыштын кээрин тарткан 64 киши социалдык колдоого алына турганы жазылган. Жөлөк пул курман болгондордун балдарына 18 жашка чейин/ата-энесине пенсия курагына чейин (эгер жалгыз уул болсо өмүр бою), майыптык алгандардын өзүнө берилет.
Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөр каралат:
мамлекеттик бала бакчаларда жана ден соолукту чыңдоо жайларында кезексиз, акысыз орундар менен камсыз кылуу;
башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
18 жашка толгонго чейин акысыз медициналык кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин (бир жолу) биринчи кезекте алуу.
Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер:
медициналык тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген тартипте камсыз кылуу;
биринчи деңгээлдеги дарылоочу-профилактикалык уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
санаторийлерге, профилакторияларга жана эс алуу үйлөрүнө иштеген жери боюнча жолдомолор менен камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;
турак жай куруу үчүн жер тилкесин (бир жолу) биринчи кезекте алуу;
чөп чабуу үчүн жер тилкелерди жана малды жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте алуу;
жашап жаткан кызматтык турак жайларын менчикке акысыз өткөрүп берүү;
Мыйзамда белгиленген жогорудагыдай талаптар аткарылбаса мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин кызмат адамдары жоопко тартылат.
Баткен облусунда Тажикстандын аткылоосунан кийин талкаланган имарат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Баткендеги кагылышта жабыркаган ишкерлердин кредити жоюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0