Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абылкасымов: орто кесиптик окуу жайлардын директорлору сынактан өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов орто кесиптик окуу жайлардын педагогикалык курамын жакшыртуу аракеттери тууралуу айтып берди.
Орто кесиптик окуу жайлардын беш жылдан ашык иштеген директорлорун сынактан же аттестациядан өткөрүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Төөлөсбай Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абылкасымов: орто кесиптик окуу жайлардын директорлору сынактан өтөт
Анын айтымында, мындай жөрөлгө мектеп директорлоруна карата жүргүзүлгөн.
"Министрлер кабинетинин орто кесиптик окуу жайлардын директорлорун сынактан өткөрүү боюнча токтому чыкты. Беш жылдан ашык иштеген директорлор сынакка катышат же аттестациядан өтөт. Бул педагогикалык курамдын сапатын жакшыртууга багытталган саамалык. Учурда жоболору, сынактын суроолору даярдалууда. Андан сырткары, эки жылдан бери орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча бөлүм иштеп, өз жемишин берип жатат", — деди Абылкасымов.
Жаңылыктар түрмөгү
0