ШКУнун алкагы кеңейген сайын Евробиримдик аны менен эсептешүүгө аргасыз болот. Маек

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүШанхай кызматташтык уюмун мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши. Архив
Шанхай кызматташтык уюмун мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Жазылуу
Индиянын төрагалыгында өткөн ШКУнун соңку саммитинде Ирандын уюмга кабыл алынышы тарыхый мааниге ээ. Бул геосаясатты бир топ эле өзгөртөрү айтылууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде саясий серепчи Бакытбек Жумагулов болду. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун бүгүнкү күндөгү орду, багыты жана потенциалы тууралуу сүйлөштүк.
— Айтсаңыз, Шанхай кызматташтыгы уюмунун учурда орду, потенциалы кандай?
— Бириккен Улуттар Уюмунун кризисинен улам кайсы бир өлкөлөр өзүнө таяныч издеп жатканын байкоого болот. Ал эми Шанхай кызматташтык уюму дүйнөлүк аренада өнүгүп-өсүүгө багыт алды. ШКУнун негизги мүчөлөрү Россия менен Кытайга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө да Ирандын кириши оңдуу болуп жатат. Мүчөлүккө аталган мамлекеттин өзү да кызыкдар. Анткени бул өлкө да көп жылдардан бери санкцияда калган. Буга чейин Европа биримдиги менен алака түзүүгө кылган аракетине Америка тарабынан басым жасалып келген. Ошол аралыкта өзөктүк программалары да ишин токтотууга аргасыз болгон. Акыры Иран толугу менен Чыгыш өлкөлөрүнө багыт алды. Буга азыр Россия, Кытай да өз системаларын киргизип жатат. Алдыда улуттук акча бирдиктери менен гана соода кылышарын айтышууда. Бирок келечекте кандай болору белгисиз. Ошентсе да Иран үчүн чоң тарыхый бурулуш болду десек жаңылышпайбыз. Мунун арты менен азыр Африка өлкөлөрү да ШКУга кирүүгө ниеттенип жатат. "Бир алкак — бир жол" долбоорунун алкагында Кытайдын Иран аркылуу Европа өлкөлөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолу менен Ирандан ары Европа өлкөлөрүнө өтүп кете турган жол ачылат. Келечекте Евразия континентиндеги бардык өлкөлөр менен соода жүргүзүүгө жетишсек болот. Россия ЕАЭБди "Бир алкак — бир жол" долбооруна бириктирүү идеясы бар. Буга Кытай деле макул. Ошентсе да келечек кандай болорун убакыт көрсөтөт.
— 1999-жылдагы Баткен окуяларынан кийин аймакка коопсуздукту камсыздай турган бир уюм керек экенин Кыргызстан айтып чыккан. Кийин коопсуздукка экономикалык, соода тармагы кошулуп ШКУ түзүлдү. Бирок абал өзгөрүп, учурда ШКУ жамааттык Батышка каршы өлкөлөрдүн уюмуна айланган жокпу?
— Мамлекеттер аралык мамиледе жаман же жакшы көрүү эмес, бир гана ич ара кызыкчылыктар болот. Ооба, анын ичинде кээ бир мамлекеттер менен АКШнын ымаласы начар. Анткени кайсы бир учурда, кандайдыр бир кызыкчылыктардан улам мамилелери сууп калган. Мисалы, Иран менен Батыштын мамилеси 1950-жылдардан тарта бузула баштаган. Себеби Иран англиялык мунай компанияны улутташтырып, калк элчиликте иштеген дипломаттарды колго түшүрүп алат. Ушул окуялардан соң Иранга каршы алгачкы санкциялар киргизиле баштаган. Акыркы окуяларда да өз ара кызыкчылыктар бар. Ирандын уюмга кириши региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн да маанилүү. Анткени Афганстан маселесин Иран аркылуу чечүүгө болот. Ошол эле учурда Кытай менен Американын ортосунда деле кызыкчылыктар бар. АКШ президенти Жозеф Байден менен Си Цзиньпин жолукканда да Кытай тарап курулуш, экономика аспектилери боюнча өз ойлорун билдирди. Ооба, ортодо келишпестиктер, талаш-тартыштар да жок эмес. Кытай менен АКШнын бирден-бир маселеси — Тайвань. Негизинен өлкөлөр ШКУга экономикалык-саясий кызыкчылыктар менен биригүүдө. Уюмга Түркия да кирүү аспектисин карап жатат. Анткени ШКУга түрк тилдүү мамлекеттер да мүчө.
© Sputnik / Асель СыдыковаПолитолог Бакытбек Жумагулов
Политолог Бакытбек Жумагулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
— Уюмдун ичинде деле Индия-Пакистан, Кыргызстан-Тажикстан өңдүү ич ара талашы бар мамлекеттер мүчө болуп турат. Булар кайсы кызыкчылыктардан улам биригип жатышат?
— АКШ дүйнөдө экономикалык күчкө ээ жана көп мамлекеттерге санкция киргизүү мүмкүнчүлүктөрүнө эгедер. Батыш саясатка экономиканы аралаштырып, дароо эле ошол өлкөгө кирүүчү акча агымын бууп коюп жатат. Мисалы, Афганстандын миллиарддаган акчалары бүгүнкү күндө камакта жатат. Анын кесепетинен өлкө гуманитардык катастрофага кабылып, кышында ачарчылыкка кептелүү коркунучу турат. Анын арты менен Афганстанды радикалдаштырат. АКШ президенти Жозеф Байден менен Си Цзиньпин жолукканда да Кытай тарап курулуш, экономика аспектилери боюнча өз ойлорун билдирди. *"Ислам мамлекети" өңдүү экстремисттик уюмдардын күчүн алуу кызыкчылыгы бар. Украина-Россия маселесинде болсо Батыш Россияга санкцияларды утуру салууда. Ушул аспектилер көп өлкөлөрдү ойлондуруп, анын арты менен АКШ өзүн ишенимсиз өнөктөш катары көрсөтүүдө. Бул Шанхай биримдигинин зоболосун өстүрүүгө салым кошууда. Эгер Батыш ушул багытта кете берсе, арты реалдуу чоң чатактарга алып келет. БУУ реформаланып, коопсуздук маселелерин кайра караганда гана ал уюмду дүйнө кайрадан тынчтыктын гаранты катары көрө баштайт.
Шанхай кызматташтык уюмунун баалуу приоритеттеринин бири — коопсуздук. Экстремизмге, террорчулукка каршы багытталган. Экинчиден, кайсы бир чечимдерди кабыл алууда бардык өлкөлөрдүн добушу бирдей эсепке алынат. Эки тараптуу маселени караганда да мамлекеттердин кызыкчылыгын тегиз карап, чечүүчү уюм экенин көрсөтүүдө.
— Бүгүн Борбор Азиянын коопсуздугуна терс таасир этүүчү факторлор барбы?
— Чөлкөмдүн коопсуздугуна таасир этүүчү негизги маселе — бул Афганстандагы акыбал. Ал өлкө дагы радикалдашып, тыюу салынган кооптуу уюмдар базаларын түзүп, акырындап Борбор Азияга өтүп кетсе чоң коркунуч жаратат. Афганстанда Тажикстандагы коррупция менен күрөшүүнү максат кылган бийликке каршы "Тажикстан *талибан кыймылы" түзүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Эгер аталган өлкөдө кандайдыр бир жаңжал чыгып кетсе жалпы Фергана өрөөнү менен биргеликте жалпы мамлекеттерге кесепети тиет. Экинчиден, наркотрафикалык жолду экстремисттик уюмдардын колдонуп кетүү коркунучу бар. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна ушул маселени айтып жатат.
— Мунун Кытайга, ошол эле Пакистан жана башка өлкөлөргө канчалык деңгээлде таасири тиет?
— Кытайдын Синцзянь маселесине түздөн-түз таасирин берет. Кытай Афганстан менен чектеш болгондуктан алар да бул өлкөнү турукташтырууга кызыкдар. Ошол эле багытта Ирандын да ички саясатка кызыкчылыгы бар. Тажикстанда Россиянын аскердик базасы бар. Афганстандагы абал Өзбекстанга да, Түркмөнстанга да тийиштүү.
— БУУ деле тынчтык үчүн гуманитардык, экономикалык көмөк көрсөтүп, Афганстан менен кызматташуусу керек го?
— Афганстанда *талибдер бийликке келгенде ирандык же ирактык система орноорун айткам. Учурунда *талибдерди коррупциядан тажаган эл колдогону менен социалдык абал кыйын. Ушул учурда гуманитардык жактан эл аралык уюмдар элге жардам берип коюусу керек. Болбосо радикалдашып, *"Ислам мамлекети" өңдүү диний уюмдар орун алып, Иракка айланып кетиши ыктымал. Абал өтө оор. Ирандын ШКУга кириши да Афганстандын туруктуулугуна салым болот го деген ой бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековШКУ мүчө мамлекеттердин желектери
Медиафорум стран ШОС Роль средств массовой информации в развитии Шанхайской организации сотрудничества в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
ШКУ мүчө мамлекеттердин желектери
— ШКУнун географиясы кеңейип баратат. Ал эми экономикалык потенциалы кандай?
— Темир жолдор бүтүп, соода жүгүртүү жакшырса, Евробиримдик аргасыз эсептешип, келишим түзүп, айла жок иштешүүгө барат. Азыр ШКУ долбоорун, "Бир алкак — бир жолду" алсак, экономикалык, коопсуздук жагынан Кытайдын стратегиясы комплекстүү жүрүп жатат. Муну менен акырындан Американын Евробиримдикке таасири да азаят. Тарыхка кылчайсак, Улуу Жибек Жолунун да соода-сатык, экономикага таасири чоң эле. Экономиканын батыштан чыгышка агылып жатканын көрүп, муну кайра жаралуу доору катары сыпаттасак болот.
— Темир жол бүтсө Кыргызстан логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кандай колдонушу керек? ШКУнун алкагында эмнелерди пайдалансак болот?
— Көп мүмкүнчүлүктөр турат. "Инэксимбанктын" насыяларын алуу, орто жана чакан ишкерликти түзүү шарттары бар. Борбор Азия өлкөлөрүнүн айланасында атаандаштык түзүлүп жатат. Кытай жактан берилип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонушубуз керек. Биз географиялык көп шарттарды коё берип коюп жатабыз. Казакстан "Хоргосту" куруп, бизден кирген товарларды Европага өткөрбөй жасалма тоскоолдуктарды түзүүдө. Алар "Хоргос" аркылуу товарларын эртерээк кетирип, өз кызыкчылыгын көздөп жатат. Кыргызстан да четте турбай экономикалык бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышы керек. Казактар "Хоргосту" өнүктүрүү үчүн визасыз режимди сүйлөшүп жатат. Биз да ошол режимди киргизе алабызбы? Эгер Казакстанга визасыз режим кирип кетсе, аларга Кытайдын да, Россиянын да товарлары тоскоолдуксуз кирип, утушка ээ болушат.
Экинчиден, Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолу ишке кирсе бизге экономикалык жактан чоң пайда болот. Ушул жактарды пайдаланышыбыз керек.
— Кытай менен Россиянын таасиринен Борбор Азияны куткаруу шылтоосун айтып батыштын лидерлери көп келе баштады. Алардын кооптонуунун себеби эмнеде?
— Батыш Борбор Азия менен Россиянын мамилесинин бузулушуна кызыкдар. БА өлкөлөрүнүн лидерлери Россияга ыктаган сайын Батыш да карап отурбай өз көмөчүнө күл тартууда. Кытайдын Борбор Азияга тийгизген таасиринен да кооптонушат.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.
* "Талибан" кыймылы террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында
Евробиримдиктин желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Саясат таануучу: Батыш Борбор Азия үчүн активдүү күрөшкө өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0