Бийлик Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун ачууга макулдашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жана Кытай желектери. Архив
Кыргызстан жана Кытай желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз өкмөтүнүн каржы секторунун потенциалын биргелешип изилдөөнү макулдашты.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын Жибек Жолу фондунун президенти Цай Сюэцзюнь башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда тараптар инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин талкуулашты. Тагыраагы, министр 2022-жылга карата соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында эки тараптуу өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга жетишилгенин белгилеген.
Өз кезегинде Цай Сюэцзюнь фонд Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар жана аларды каржылоонун натыйжалуу механизмдерин сыноо үчүн пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү кароого даярдыгын билдирген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн каржы секторунун потенциалын биргелешип изилдөөнү макулдашкан.
Кыргызстан жана Иран желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Кыргыз-иран өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0