Бостериде эс алып жаткан аялдын баласы уурдалып, милиция аны Чүйдөн тапты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБостери. Архивдик сүрөт
Бостери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") менен иш козголгон.
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Чүй облусунун жашоочусу Д.А. аттуу аял 20-июлда Ысык-Көл райондук милициясына өспүрүм баласы уурдалганын айтып, кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалымдады.
Милицияга кайрылган аялдын арызында окуя 20-июлда Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын биринде болгондугу жазылган. Тартип сакчылар баланы издеп баштаган.
"Издөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү саат 21:00дө өспүрүм Чүй облусунан табылды. Ал аман-эсен энесине өткөрүп берилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") менен иш козголду. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кошумча маалыматтар берилет", — деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Абакта отурган киши ишкерди алдап 224 миң сомдук унун саттырган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Абакта отурган киши ишкерди алдап 224 миң сомдук унун саттырган
Жаңылыктар түрмөгү
0