25-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЫсыкта фонтандын жанындагы кыз. Архив
Ысыкта фонтандын жанындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
25-июлга караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Шейшембиде дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Талас аймагында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +29...+34 градус ысык болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +37...+39, Чолпон-Атада +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
“Мейкин Азия” эл аралык фестивалындагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Чолпон-Атада ири музыкалык фестиваль өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0