Вебкам-студия иштеткен Даниэл Ажиевдин абактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

© Фото / пресс-служба МВД КРВебкам-студия иштеткен Даниэл Ажиев
Вебкам-студия иштеткен Даниэл Ажиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Ажиев 29-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук соту билдирди.
Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралып, судья УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы келтирген өтүнүчтү канааттандырган. Ага ылайык, 29-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында калтырылды.
Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, анын жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Ажиев Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекистер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.
Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митингдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү үч айга узартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0