Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭлдик курултай делегаттары. Архив
Элдик курултай делегаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду.
Документ 2023-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ал Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.
Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:
Элдик курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;
делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлоонун принциптери белгиленген;
Элдик курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.
Чолпонбек Абыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Абыкеев: Курултайда айтылган 3700 сунуштун 60%ы аткарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0