Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстан Беларусь менен транспорттук кызматташтыгын жакшыртат

© Sputnik / Асылбек БактыбековТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын башкы адиси Таалай Жумалиев
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын башкы адиси Таалай Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын башкы адиси Таалай Жумалиев Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү көбөйтүүгө шарттар түзүлгөнүн айтты.
Кыргызстан Беларусь менен транспорттук кызматташтыгын жакшыртат. Эки өлкө 1995-жылы Минскиде эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууга кол койгон. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, тоскоолдуктар алынып салынды. Бул тууралуу Таалай Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстан Беларусь менен транспорттук кызматташтыгын жакшыртат
Анын айтымында, эми Кыргызстан менен Беларусь автомобилдик жүк ташууларды аткарууда атайын уруксат кагаздары жок тоскоолдуксуз өтүп, шарттар жакшыртылды.
"Кыргызстан Беларусь менен транспорттук кызматташтыгын жакшыртат. Эки өлкө 1995-жылдын 14-июнунда Минск шаарында эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууга кол койгон. Кыргызстан жана Беларусь — Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөр. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, тоскоолдуктар алынды. Эми жүктү автоунаа менен ташууда атайын уруксат кагаздары жок эле тоскоолдуксуз өтүп калышат. Буга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жолдору каралат", — деди Жумалиев.
Ошондой эле адис эки өлкө ортосунда темир жол каттамдарын жакшыртуу, административдик кызматташуу багытында иштер жасаларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0