Астанада кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменовго издөө жарыяланды

© AP Photo / Joe CoomberБокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменов. Архив
Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Окуя 18-июнда болуп, бирок коомчулук бир ай өтүп, сабаган видео социалдык тармактарга тарагандан кийин гана билген.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Астанада жаш баласы менен отурган кыргызстандык жаранды сабаган бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул туурасында Spitnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Шуменовду полиция соода борборундагы окуяга айыптап, эки күн мурда издеп баштаган.
Эске салсак, окуя 18-июнда Астанадагы соода борборлордун биринде болгон. Бирок аны коомчулук бир айдан соң, видеосу социалдык тармактарга тарагандан кийин гана билген. Кадрдан көрүнгөндөй, Шуменов балалуу кишиге барып, бир нерселерди айтып, анан мойнунан тартып, андан соң экөө койгулаша кеткен. Уруштун чыгып кетишине оюн аянтчасындагы балдардын пикир келишпестиги себеп болгон.
Жаракат алган кыргызстандыкты Казакстандагы элчиликке чакырып, керектүү консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлгөнү кабарланган.
Окуя болгон жерге келген полиция алгач кылмыш ишин козгогон эмес. Кийин жабырлануучу жактоочу жалдап, укук коргоо органдарына кайрадан кайрылган. Мындан соң "Бейбаштык" беренеси менен иш ачылып, окуяга көз жуумп койгон аймактык полиция кызматкерине карата иликтөө башталган. Экс-чемпиондун айтканы боюнча, сабалган адамдын кыргызстандык экенин полиция бөлүмүнөн гана билген.
Ак-Тилек көзөмөл өткөрүү жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
УКМК: Ташиевдин баласын айтып чек арачыларды коркуткан киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0