Москва: Украинанын пилотсуз аппараттарынын чабуул жасоо аракетин токтотушту

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУкраина учкучсуз башкарылган эки аппарат менен Москвада эки объектиге чабуул жасоого аракет кылды
Украина учкучсуз башкарылган эки аппарат менен Москвада эки объектиге чабуул жасоого аракет кылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Жазылуу
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин таңкы саат төрттөр чамасында учкучсуз башкарылган аппараттар эл жашабаган эки имаратка чабуул жасаганын билдирген.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Украина учкучсуз башкарылган эки аппарат менен Москвада эки объектиге чабуул жасоого аракет кылып, бирок РЭК алардын мизин кайтарды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"24-июль күнү эртең менен Киев режими учкучсуз башкарылган эки аппарат менен Москва шаарынын аймагындагы эки объектиге чабуул жасоого аракет кылды. Радиоэлектрондук каражаттар менен алардын мизи кайтарылып, талкаланды", — деп айтылган маалыматта.
Чабуулдан жабыркагандар болгон жок.
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин таңкы саат төрттөр чамасында учкучсуз башкарылган аппараттар эл жашабаган эки имаратка чабуул жасаганын, андан олуттуу деле зыян келбегенин, жабыркагандар жоктугун маалымдаган.
Борбордук транспорт департаменти Комсомольск жана Лихачев проспектилеринде кыймылдын жабылгандыгын айтты.
РИА Новостинин кабарчысы Лихачев проспектиндеги "Леруа Мерлен" имаратына жакын жерде 15ке чукул тез жардамдын, полициянын жана Өрт өчүрүү кызматынын автоунаалары турганын билдирди. ФСБчылардын машинасы да келген.
Бул Киев режиминин Москвага чабуул жасоого кылган биринчи аракети эмес. 4-июлда РФтин борборунда беш дронду атып түшүрүшкөн. Экөө Валуев поселогунда жок кылынып, сыныктары талаага түшкөн. Дагы бири Кубинкада талкаланса, эки дронду Новая Москва районунда жок кылышкан.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия лидери Москвага пилотсуз учактардын жасаган "сапары" боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0