Автоунаа айдап келип берем деп, акчасын алып из жашырган. Чүйдүн тургуну кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРАвтоунаа айдап келип берем деп, акчасын алып из жашырган. Чүйдүн тургуну кармалды
Автоунаа айдап келип берем деп, акчасын алып из жашырган. Чүйдүн тургуну кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Шектүү Бишкек шаарынан кармалып, документтер сотко өткөрүлгөн.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ири суммадагы акчаны алдап алууга шектелген 40 жаштагы Д.А. ( С.В. деген да аты болгон) аттуу киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын Чүйдө туулганы, буга чейин көп ирет соттолгону айтылды. Февралда милицияга Чүй облусунун тургуну кайрылып, бир жаран кымбат баалуу автоунаа (Lexus же Toyota Land Cruiser) алып келип берем деп 17 миң доллар, 100 миң сомдон ашык акчасын алдап кеткенин билдирген.
"Алдамчылык менен алектенген жаран ар дайым акчаны алуу үчүн жаңы жолдорду ойлоп таап, жабырлануучунун ишенимине ээ болуп, алдамчылык жол менен бир жыл бою акча алып турган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча иш козголгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, жаз айларында Д.А. автоунаа сатып алууга жардам берем деп, Чүй облусунун тургунунан 12 миң долларын алдап алганы аныкталган. Шектүүнүн убадасына ишенген аял топтогон бардык акчасын берген. Бул факт боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча иш козголгон. 2023-жылдын май айынын аягында Д.А. издөөгө алынган. Анын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан башка жарандардын да бар экени айтылды. Шектүүнүн буга чейинки кылмыш иши башка сотто каралып жатканы маалым болду.
"Бул киши автоунааларды алмаштыруу, сатып алуу, сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштап, жарандардын ишенимине кирип келген. Ал ар дайым "кийинки кардар" менен достук мамиле түзүүгө аракет кылып, андан кийин акчаларын алып турган. Адегенде ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, кийин из жашырып кетип жүргөн", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн бул кишинин жүргөн жерин аныктап, Бишкекте ижарага алган батиринде жашынып жаткан жеринен кармашкан.
"Д.А. мурда бир нече жолу соттолгон, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда Аламүдүн РИИБи ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысынын негизинде кылмыш иштери боюнча тергөөнү аяктап, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү", — деп кошумчалашты милициядан.
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
ИИМ Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган ишканаларды тизмектеп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0