Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чокиева: Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында музыкалык аспаптар жетишпейт

© Sputnik / Асылбек БактыбековМураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окуу өндүрүшү иштери боюнча директорунун орун басары Элиза Чокиева
Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окуу өндүрүшү иштери боюнча директорунун орун басары Элиза Чокиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окуу өндүрүшү иштери боюнча директорунун орун басары Элиза Чокиева окуу жайга атактуулукка тез жетүү максатын көздөп келгендер көп экендигин айтты.
Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында музыкалык аспаптар жетишпейт. Учурда эскилиги жеткен инструменттер менен окуучуларга билим берип жатабыз. Маселени чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга кат менен кайрылып келебиз. Бул тууралуу Элиза Чокиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Чокиева: Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында музыкалык аспаптар жетишпейт
Анын айтымында, музыкалык окуу жайда окуу куралдары да жетишпей ксерокөчүрмөлөрдүн жардамы менен маселе чечилүүдө.
"Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 80 жылдан ашык тарыхы бар. Кийинки жылы 85 жылдыгын белгилейбиз. Окуу жайдан залкар таланттар билим алышкан. Маданияттын, искусствонун чеберлери ушул жерде чыгармачылык жолуна чыйыр салышкан. Учурда окутуучулар курамы да мыкты түзүлүп, билим беришет. Тилекке каршы, мекемеде түзүлгөн шарттар жакшы эмес. Көп убакыттан бери музыкалык аспаптардын тартыштыгы көйгөй жаратып келет. Маселени чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга кат менен кайрылып келебиз. Ага карабастан бул иш ошол бойдон турат. Мисалы, фортепианонун баасы асман чапчыйт. Ар бир бөлүмгө жок дегенде экиден музыкалык аспап керек. Кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздардын саны абдан аз. Бизге тапшырган окуучулардын ар биринде комуз болушу зарыл. Бирок үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ага да жетпегендер бар. Болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, бир жылдык келишим менен берүүгө туура келет. Өкүндүргөнү, ал инструменттердин да эскилиги жетип, 30 жылдай колдонулган", — деди Чокиева.
Ошондой эле адис Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы тогуз адистик боюнча билим берип, окутуу акысыз жүргүзүлөрүн кошумчады.
Жаңылыктар түрмөгү
0