Өзүм иштеген абакка өмүр бою кесилдим... ИИМдин мурдагы кызматкеринин маеги

Жазылуу
Кылмышкер өзү тууралуу соттун өкүмүн укканда тамаша деп ойлоп, ишенбегенин айтты.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар жазасын өтөп келишет.
Sputnik маалымат агенттигинин журналисттери аталган түрмөгө барып, соттолгондор менен маек куруп келишти.
Интервью берүүгө макул болуп, бирок аты-жөнүн айткысы келбеген жаран абакта отурганына быйыл 13 жылдын жүзү болгонун айтты. Ошондой эле ИИМде иштеп пенсияга чыкканын, запастагы полковник экенин кошумчалады.
"Өлүмгө дайым даярмын. Бул убактылуу дүйнө. Азыр биз маршруттук таксини күтүп аялдамада турабыз. Кимдин маршруту келсе кете берет. Өлүм жаш-карыга карабайт. Чын дүйнө ары жакта болот. Эми бизге жеңил болот. Ушул отурганыбыз ары жакта эсептелет", — деди ал.
Өмүр бою кесилгендерди кайтаргандардын маегин шилтемеден көрүңүз.
Тема боюнча:
Үйлөнүп-жайлангым келет... Өмүр бою абакка кесилген адамдын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0