Путин неонацисттердин кылмыштарын системалуу иликтөөгө чакырды

© Sputnik / Александр Казаков / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин. Архив
Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Президент кээде керек болсо өмүрдү тобокелге салып аракет кылган маанилүү экенин айтты.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери терактыларды, жазалоочулардын, чет элдик жалданма согушкерлердин жана неонацисттердин кылмыштарын иликтөө боюнча системалуу ишти улантышы керек. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Тергөө органдарынын күнүнө карата кайрылуусунда айтканын Кремль жазды.
"Жөнөкөй элге, бийлик өкүлдөрүнө, журналисттерге карата жазалоочулардын, чет элдик жалданма согушкерлердин жана неонацисттердин жасаган кылмыштарын, террордук актыларын иликтөөнү улантуу зарыл", — деген мамлекет башчысы.
Ал өлкөнүн алдын ала тергөө иштерин жүргүзгөн органдар жаңы аймактарынын Россиянын бирдиктүү укуктук мейкиндикке интеграцияланышын шарттап, конституциялык түзүлүштү, мыйзамды сактап дал ушундай иштээрин белгилеген.
"Бул жерде өзгөчө кесипкөйлүк кыраакылык, эрктүү мүнөз, ички моралдык өзөк, ар тараптуу терең билим, стресске туруштук берип көтөрө билүүгө психологиялык жактан даяр болуу керек. Кандай гана кырдаал жаралбасын, жоопкерчиликти, принципиалдуулукту сактап, кээде керек болсо өмүрдү тобокелге салып аракеттенген маанилүү", — деген Путин.
Ал тергөө органдардын кызматкерлери бул максат менен милдеттин толук маани-маңызын түшүнөрүнө ишеним артканын билдирди.
Россия ТИМи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
РФ ТИМи: аскердик журналист Журавлёвдун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланат
Жаңылыктар түрмөгү
0