Ысыкта ичеги-карын ооруларынан сак болуу үчүн беш эреже

© Фото / Pexels / cottonbro Кыз ооруган курсагын кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз ооруган курсагын кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Күн ысыкта тамак-аштагы микробдор тез көбөйөрүн эске алуу менен эрежелерди так аткаруу сунушталды.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жашоочуларга жай мезгилинде тамак-аш тандоого дыкат көңүл бурууну эскертти.
Билдирмеде күн ысыкта тамак-аштардагы микроб, ооруларды козгоочу бактериялар тез көбөйөрү белгиленген. Анын ичинен эң жайылгандары: стафилококк, ичеги-карын таякчалары, сальмонеллез, энтерококк, ботулизм козгогучтары жана башка. Адамдын организми үчүн микроорганизмдердин өздөрү гана эмес, алардын личинкалары да коркунучтуу.
Департамент жайкысын азыктар тез бузулгандыгына байланыштуу тамак-ашка уулануунун алдын алуу үчүн аны сатып алууда кутуда жазылган жарактуу мөөнөткө маани берип, сактоо жолдорун так аткарууну сунуштаган.
Курч ичеги-карын инфекцияларын, тамак-ашка уулануунун алдын алчу беш эреже:
Үйгө келгенде, дааратканадан чыкканда, тамак жасаар алдында, чийки азыктарды аарчып бүткөндөн кийин, тамактануудан мурун колуңузду сөзсүз самындап жууңуз. Тамак жасоо үчүн керектелүүчү буюмдардын баарын таза кармаңыз. Алар түрдүү курт-кумурска, чымын-чиркей, кемиргичтер жана үй жаныбарлары тие албай турган жерде болушу шарт.
Чийки азыктарды даяр азыктардан бөлүп сактоо сунушталат. Мындан тышкары, чийки азык-түлүктөрдү кескен такта, бычактар да өзүнчө болгону оң.
Эт, тооктун эти, жумуртка жана деңиз азыктарын жакшылап кууруп же кайнатуу керек. Ал эми тамакты ысытып жегенде аны сөзсүз түрдө 70 градуска чейин жеткирүү зарыл.
Даяр тамак муздаган соң дароо муздаткычка салганды унутпаңыз. Тез бузула турган азыктарды 5 градустан төмөн температурада кармаган оң. Даяр тамактарды бир нече күндөп муздаткычка сактасаңыз деле бузулуп кетерин эске алыңыз. Даяр тамактар жана жарым фабрикаттар муздаткычтын үстүңкү текчелерине, чийки азык-түлүктөр ылдыйдагы текчелерге коюлат.
Кайнатылган же атайын бөтөлкөлөрдөгү сууну ичиңиз. Мөмө-жемиш, ашкөктөрдү таза жууңуз. Өндүрүштөн чыгарылган азыктарды сатып алууга аракеттениңиз. Күмөн жараткан тамак-аштарды жегенден баш тартыңыз.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Ичеги-карын инфекциялары жайында көбөйөт. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0