Ысык-Көлдө эки адамды гидроскутер коюп каза тапты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүГидроциклдеги адамдар. Архив
Гидроциклдеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Каргашалуу окуя жекшемби күнү, 23-июлда, болгон.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө гидроскутердин айдоочусу сууда сүзүп жүргөн кыз менен баланы коюп кетти. Алар алган жаракатынан улам каза табышты. Бул тууралуу "Короче" Telegram каналы жазды.
Маалымат булагы окуя болгонун тастыктап, 2004-жылкы кыз менен 2000-жылкы бала набыт болгонун айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилигине шилтеме берип окуя жекшемби күнү, 23-июлда, болгонун жана дагы бир кыз жабыркаганын кабарлады.
"Окуянын кесепетинен бир кыз менен бир бала каза таап, дагы бир кыз жаракат алды. Набыт болгондор өтө оор жаракат алышкан. Ал эми үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу. Анын мээси чайкалып калган. Учурда дарыланып жатат", — деди министрликтин маалымат кызматы.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Ажалы жок экен! Капчыгайдан кулаган айдоочу аман калды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0