ИИМ: соцтармактардагы жарнамалардын баарына ишене бербегиле

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaАял колунда смартфон менен. Иллюстративдик сүрөт
Аял колунда смартфон менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Ведомство шылуундар алдамчылыктын улам жаңы схемаларын ойлоп таап жатканын айтып, сак болууга үндөйт.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. ИИМ жарандарды социалдык түйүндөрдөгү жарнактардын басымдуу бөлүгүнө ишенбөөгө чакырат.
"Көптөгөн адамдар чоочун экенине карабай айрымдардын сөзүнө дароо ишенип, шылуундардын тузагына оңой илинип калышат. Интернеттеги шылуундар социалдык тармактарда элдин көңүлүн буруу үчүн жарнамаларга жамынып иш кылышат. Мисалы, аткаминерлердин, бизнес өкүлдөрүнүн, белгилүү инсандардын сүрөттөрүн, видеолорун колдонушат", — деп айтылат маалыматта.
Көбүнчө алар Telegram мессенжеринде кирешелүү делген "инвестициялык долбоорлорун" жарнамалап, жарандарды акча салууга көндүрүп, жок жерден киреше көрөрүн айтышат. Ички иштер министрлиги шылуундар алдамчылыктын улам жаңы схемаларын ойлоп таап жатканын айтып, сак болууга үндөйт.
Чек талап кылып, байге утуп ал! лотереясын белектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Салык кызматы: лотерея жеңүүчүлөрүнөн алдап акча алган шылуундар көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0