ӨКМ балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековКара-Жыгач токоюндагы көлдө балдар сууга түшүп жатышат. Архив
Кара-Жыгач токоюндагы көлдө балдар сууга түшүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Балдар түшкөн суунун тереңдиги 70 сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле температурасы 18 градус жылуу болушу сунушталат.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүгө балдарды ээрчитип барганда сактай турган эрежелерди тизмектеди.
Министрлик ата-энелерге кайрылып, балага сууда жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүп туруу зарылдыгын жана дайыма баланын жанында болуу керектигин белгилеген. Коопсуздук шарттары бассейн, чакан дарыя, көл же башка суу болобу, бардык жерде так аткарылышы керек.
Эрежелер:
тереңдиги белгисиз сууга, ээн калган жээктердеги көлгө балдар менен түшүүгө болбойт;
мектеп жашындагы балдарды сууга түшүү учурунда куткаруучу, мугалим же ата-энеси, айтор, чоң адамдар коштоп жүрүшү керек;
сууга түшүүдө кимдир бирөөнү чөктүрүп же адамдын үстүнө чыгып алып сууга секирүүгө болбойт;
аба толтурулган баллонго ишенип баланы жалгыз сүзүп кетүүгө жибербеңиз;
балага көл жээгинен алыска сүзүп кетпөөсүн эскертип туруңуз;
балдар киринген жер 70 сантиметрден терең болбошу керек;
суунун температурасы 18 градустан жогору болгону туура;
күн күркүрөп, чагылган болсо суудан чыгып, жээктен алыс кетүү сунушталат.
суунун түбү ылай, сормо, баткак, балыр болсо, ал жерге түшпөгүлө;
кеме, моторлуу кайык, скутерге жакын сүзбөгүлө.
Сууга секирген киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Көпүрөдөн сууга секирбегиле! Министрлик эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0