Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Электрондук социалдык паспорт эмне үчүн керек? Түшүндүрмө

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы электрондук социалдык паспорттор эмне үчүн керектигин айтып берди.
Социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрүүгө болот. Бул тууралуу Жаңыгүл Мелисбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Электрондук социалдык паспорт эмне үчүн керек? Түшүндүрмө
Анын айтымында, Кыргызстанда өткөн жылдын март айынан бери 229 миң 159 электрондук паспорт түзүлдү.
"Социалдык паспортто аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылат. Алардын негизинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыгат. Социалдык паспортту түзүүдө үй-бүлөнүн, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинде балдардын, улгайган жарандардын жана калктын башка категорияларынын социалдык же гуманитардык жардамга муктаждыгы эске алынат. Электрондук социалдык паспорт калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жардамдын натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары, социалдык паспорт ведомстволор аралык кызматташууга көмөктөшөт, социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү жана региондогу калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирет. Электрондоштуруу тутумуна ылайык, арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбайт. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап, билип алышат", — деди Мелисбек кызы.
Ал системанын толук иштеши үчүн айыл өкмөтүнүн жана министрликтин 1700дөн ашык кызматкерлери окутулганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0