АКШнын убактысы аз: Вашингтондун "саналуу гана айы калды"

© AP Photo / Carolyn KasterВашингтондогу Капитолий имаратында киши АКШнын желектерин тууралап жатат. Архив
Вашингтондогу Капитолий имаратында киши АКШнын желектерин тууралап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен апта башында Киев менен Батыш үчүн жагымсыз жагдайды жар салды. Анын айтымында, "орустардын коргонуусу күчтүү түзүлгөндүктөн Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу абдан оор өтүүдө".
Ошентсе да ал Украинанын фронтто ийгиликке жетишеринен үмүт үзбөйт. Анткен менен америкалык үлкөн саясатчы "чабуул жакынкы бир же эки аптада аяктабай турганын" да моюндады. Анын айтымында, Вашингтон "бир нече айга созулат" деп боолголойт.
Серепчи Ирина Алкснис АКШнын Россия менен Кытай жаатындагы саясаты боюнча ой толгогон. Автордун учкай макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Россия Кошмо Штаттар үчүн геосаясий аракеттеринин негизги багыты эмес. Бул орунга Кытай чыгат. Ал тургай бул Вашингтондун тышкы саясий жана аскердик-саясий стратегияларында ачык эле жазылган эмеспи.
Геосаясаттын негизин дайым экономика, рынок, ресурс, технологиялык лидерлик жана башкалар үчүн күрөш түзөт. Дүйнөнүн экономикасынын алдыңкы сабындагы Кытай Кошмо Штаттардын негизги коркунучуна айланып чыга келди. Анткени аталган державанын өзүн коргоп калуу үчүн кооптуу атаандашынын абалын начарлатуудан башка аргасы калган жок.
Америкалык стратегдердики да туура, анткени Кытайды Москва колдоп турганда Пекин менен кармашуу оңойго турбайт. Ошол себептен алгачкы сокку дал Россияга урулганы тегин жерден эмес. Бирок Москва жаңжалды ушундай форматка буруп койду, азыркы тапта Украинада кимдин көбүрөөк зыян тартканын дароо айырмалаш кыйын.
Батыш экономикасынын начарлашы, саясий таасиринин азайышы өтө ыкчам жүрүүдө. Украинадагы ар бир ай, апта, ал түгүл ар бир күн стратегиялык жактан алып караганда АКШнын кытайлык фронттогу үмүттөрүн да барган сайын басаңдатууда. Анткен менен бул эч нерсени кескин өзгөртө албайт.
Жакында Кошмо Штаттар украиналык долбоордон чыгуу жөнүндө чечим кабыл алууга аргасыз болору шексиз. Себеби эки масштабдуу жаңжалга катышууга АКШнын ресурсу жок, ошол эле учурда Кытайды да жөн калтыра албайт, анте турган болсо өзүн геосаясий кыйроого түртөт. Россияга көйгөйдү үйүп туруп, америкалыктар Украинадан чыгып кетери шексиз. Бирок азиялык театрга бүт көңүлүн топтоо Кошмо Штаттар үчүн абдан маанилүү. Буга болгону саналуу ай калды.
 РФ аскердик күчтөрүнө берилген Дрок сынамык миномету  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Өзү жүрүүчү "Дрок". Атайын операция аймагына кирген россиялык жаңы куралга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0