Аламүдүн суусуна агып кеткен бөбөктүн сөөгү 10 күндөн кийин табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРАламүдүн суусуна агып кеткен бөбөктүн сөөгү 10 күндөн кийин табылды
Аламүдүн суусуна агып кеткен бөбөктүн сөөгү 10 күндөн кийин табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Бөбөктүн сөөгүн окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы дачадан жергиликтүү тургун көрүп кабарлаган.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Аламүдүн суусуна агып кетип 10 күндөн бери изделип жаткан бир жашар кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бүгүн аны издөөгө беш куткаруучу тартылган.
Маалыматка ылайык, бөбөктүн сөөгүн окуя болгон жерден болжол менен 20 чакырым алыстыктагы Таштар-Ата дачасынын аймагынан жергиликтүү тургун көрүп кабарлаган. Куткаруучулар кыздын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, 18-июль күнү Бишкектин четиндеги эс алуучу жайда бир жаштагы бөбөк сууга түшүп кеткен, аны куткарам деген 27 жаштагы энеси дарыяга бой урган. Келиндин сөөгү ошол эле күнү табылган.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги моторлуу кайыктар жана Таблетка баллону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Ысык-Көлдө эки эс алуучунун өлүмү. Окуянын чоо-жайы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0