Бишкектеги колледждер: окуу акысы, дареги. Тизме

© Фото / Pexels/ Pavel DanilyukКолледждин бүтүрүүчүсү. Иллюстративдик сурөт
Колледждин бүтүрүүчүсү. Иллюстративдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөр үчүн Бишкектеги колледждер, окуу акысы, адистиктер, кирүү сынактары, дареги жана байланыш номерлери, тапшыруу үчүн кандай документтер керектелери жөнүндөгү маалыматтар менен кошо тизмектеп чыктык.
Кирүү сынактарынын мөөнөтү жана шарттары, документтер жөнүндө тандаган окуу жайыңыздын кабыл алуу комиссиясынан билип алууга болот.

К.Карасаев атындагы БГУнун колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт.
Адистиктер: чет тилдер; котормо иши; менеджмент; салык жана салык салуу; экономика жана бухгалтердик эсеп; финансы.
Келшим баасы (контракты): 27 000ден 32 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 34.
Телефон номери: (0312) 42-47-54

Бишкектеги архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи

Кирүү экзамендери: архитектура жана архитектуралык чөйрө дизайны боюнча адистиктерге алынат.
Документтердин тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), 086/у формасындагы медициналык тастыктама.
Адистиктер: имарат, курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо; архитектура; ички санитардык-техникалык жана вентиляциялык жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо; жыгачты иштетүү технологиясы; дизайн жана эмерек конструкциялоо; жер жана мүлктүк мамилелер; архитектуралык чөйрө дизайны; баалоо инжиниринги; эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу.
Келишим баасы: 27 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Лев Толстой көчөсү, 62/1.
Телефон номерлери: (0703) 88-88-04, (0702) 14-12-70, (0502) 05-50-12, (0700) 58-21-59, (0707) 66-35-97.

К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү сегиз сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо; көтөрүүчү-унаалык, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо; унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу; автомобиль жолдорун, аэродромдорду куруу жана пайдалануу; транспорттук электр жабдууларын эксплуатациялоо жана автоматика (транспорттун түрлөрү боюнча); эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө; компьютер түйүндөрүн программалоо; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо.
Келишим баасы: 26 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Чыңгыз Айтматов проспекти, 52.
Телефон номерлери: (0312) 59-60-88, (0312) 21-03-51, (0990) 33-00-63, (0703) 63-31-31, (0703) 60-84-94.

С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: агрономия; ветеринария; экология жана айлан-чөйрөнү коргоо; экономика жана бухгалтердик эсеп; сүттү кайра иштетүү технологиясы.
Келишим баасы: 21 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Мичурин көчөсү, 46.
Телефон номери: (0700) 72-07-63.

Борбор Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи

Кирүү экзамендери: математика, орус жана англис тилдери боюнча тестирлөө, эссе жазуу.
Тестирлөө төлөмү: 1 700 сом.
Документтер: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 түстүү сүрөт.
Адистиктер: стартап-финансы жана жогорку технологиялар; жаңы ишкерлик жана адам интеллекти; дизайн жана жогорку технологиялар; программалык инженерия жана социалдык трансформация; экология жана энергетикалык эффективдүүлүк; дизайн-менеджмент жана чыгармачыл дизайн.
Контракт өлчөмү: 7 100 доллар (621 082 сом, баа өзгөрүшү мүмкүн, колледждин кабылдамасынан тактап алган оң).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Медеров көчөсү, 161 А.
Телефон номери: (0559/0705) 91-60-01.

Бишкек медициналык колледжи

Кирүү экзамендери: бардык адистиктер боюнча
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: акушердик иш; лабораториялык диагностика; медициналык-профилактикалык иш; медайымдык иш; ортопедиялык стоматология; фармацевтика.
Контракт өлчөмү: 26 100дөн 27 500 сомго дейре (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Логвиненко көчөсү, 18.
Телефон номери: (0312) 30-09-08.

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), 086/у формасындагы медициналык тастыктама, наркологиялык жана психикалык диспансерден тастыктама.
Адистиктер: учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо; аба транспортунда жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу; эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө;
Электрлештирилген жана учуш-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо; аба транспортундагы менеджмент; учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө; транспорттук коопсуздук; кеме энергетикалык түзүлүштөрүн эксплуатациялоо; учуучу аппараттардын техникалык эксплуатациясы; учуучу аппараттардын учуш эксплуатациясы.
Келишим баасы: 24 000ден 65 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу керек).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Лущихин көчөсү, 60.
Телефон номерлери: (0312) 42-80-43, (0990) 55-00-34.

С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы

Кирүү экзамендери: живопись, композиция жана сүрөт, орус / кыргыз тили боюнча.
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: живопись; дизайн; декоративдик-прикладдык искусство (булгаары боюнча этнодизайн, керамика дизайны, текстиль дизайны).
Келишим баасы: 24 200 сом (баа өзгөрүшү мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактаган дурус).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Орозбеков көчөсү, 6.
Телефон номерлери: (0312) 30-03-87, (0708) 73-25-26, (0552) 74-25-26.

Бишкек универсалдык колледжи

Кирүү экзамендери: бардык адистиктер боюнча тестирлөө.
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), 086/у формасындагы медициналык тастыктама.
Адистиктер: укук таануу; укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу; экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); башталгыч класстарда окутуу; туризм; чет тили; компьютердик системаларда программалоо.
Контракт өлчөмү: 25 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Ахунбаев көчөсү, 123.
Телефон номери: (0705/0773) 17-73-42.

Бишкек технологиялык-архитектуралык колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: архитектура; архитектуралык чөйрөнүн дизайны; тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы; имарат, курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо; эсептөө техникасын жана компьютердик системаларды техникалык тейлөө; экономика жана бухгалтердик эсеп; финансы; башталгыч класстарда окутуу.
Контракт өлчөмү: 29 000ден 31 000 сомго дейре (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 60 А.
Телефон: (0312) 32-49-83.

Туризм академиясынын колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: тармактар боюнча менеджмент; туризм; мейманкана жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу.
Контракт өлчөмү: 30 000ден 33 600 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу кажет).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Шабдан баатыр проспекти, 99.
Телефон номерлери: (0312) 53-05-50, (0312/0504/0505/0555/0705) 36-03-20.

Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: мейманкана кызматы; салык жана салык салуу; электр менен камсыздоо; тигүү буюмдарын моделдөө жана конструкциялоо; имарат, курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо; автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана ремонттоо; жер жана мүлктүк мамилелер; жарнама; тармактар боюнча менеджмент; коомдук тамактанууну уюштуруу.
Контракт өлчөмү: 32 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Анкара көчөсү, 1/17.
Телефон номери: (0775) 15-04-51.

Кыргыз-корей колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, 086/у формасындагы медициналык тастыктама.
Адистиктер: корей тили; финансы; туризм (корей тилин билүү менен); маркетинг (корей тилин билүү менен); экономика жана бухгалтердик эсеп; дизайн; чачтарач чеберчилиги; стилистика жана визаж чеберчилиги; котормо иши.
Контракт өлчөмү: 36 000ден 46 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Гоголь көчөсү, 20 А.
Телефон номери: (0312) 38-17-44.

И.Арабаев атындагы КМУнун колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу; маалыматты иштеп чыгуу жана башкаруунун автоматташтырылган системасы; экономика; бухгалтердик эсеп жана көзөмөл; салык жана салык салуу; социалдык иш; тигүү буюмдарын моделдөө жана конструкциялоо; дизайн; туризм; экология жана айлан-чөйрөнү коргоо; башталгыч класстарда окутуу; мектепке чейинки билим берүү; прикладдык информатика; эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу; башталгыч класстарда англис тилин окутуу.
Келишим баасы: 29 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Чалдыбар көчөсү, 91 А.
Телефон: (0312) 57-59-72.

Экономика, дизайн жана информациялык системалар колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн), 086/у формасындагы медициналык тастыктама
Адистиктер: дизайн (тармактар боюнча); эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу; экономика жана бухгалтердик эсеп; эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө; прикладдык информатика (тармактар боюнча); банк иши; менеджмент (тармактар боюнча).
Келишим баасы: 25 000ден 27 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Жаш Гвардия проспекти, 27.
Телефон номери: (0500) 09-98-84.

Кыргыз-казак колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүк (өспүрүмдөр үчүн), 086/у формасындагы медициналык тастыктама, жашаган жеринен тастыктама.
Адистиктер: экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); укук таануу; финансы (тармактар боюнча); эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу.
Контракттын өлчөмү: 24 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алыңыз).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Арстанбап көчөсү, 159.
Телефон номерлери: (0312) 88-00-10, (0559) 59-37-00, (0557) 21-46-50.

Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын кесиптик колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Адистиктер: укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу; экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);
социалдык иш.
Контракттын өлчөмү: 23 000ден 24 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алган жакшы).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Жаш гвардия проспекти, 27.
Телефон номерлери: (0312) 64-18-47, (0709) 15-30-99.

К.Скрябин атындагы КУАУнун техникалык-экономикалык колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн)
Адистиктер: компьютердик-графикалык дизайн (тармактар боюнча); күнөскана чарбасынын технологиясы; электр менен камсыздоо (айыл чарбасында); автомобилдик транспортто жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу; айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу; транспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу; экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); финансы (тармактар боюнча); менеджмент (тармактар боюнча); өндүрүш жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү; эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө.
Келишим баасы: 25 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Медеров көчөсү, 68.
Телефон номерлери: (0312) 59-58-25, (0772) 24-41-34, (0709) 57-55-12, (0772) 66-68-24, (0772) 43-78-93, (0555) 48-84-11.

И.Раззаков атындагы КМТУнун колледжи (Н.Исанов атындагы № 2 кампусу)

Кирүү экзамендери: дизайн, архитектура адистиктери боюнча
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: архитектура; дизайн (тармактар боюнча); имарат, курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо; автомобилдик жолдорду, аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо; металлдык эмес курулуш буюмдарын өндүрүү жана конструкциялоо; газ жабдууларын жана системаларын орнотуу жана эксплуатациялоо; суу менен камсыздоо жана канализация; прикладдык геодезия; унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу (автомобилдик жана темир жол); өзгөчө кырдаалдарда коргоо; экология жана айлан-чөйрөнү коргоо; эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу; компьютер түйүндөрүн программалоо; прикладдык информатика (тармактар боюнча); автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугу; менеджмент (тармактар боюнча); экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); финансы (тармактар боюнча); салык жана салык салуу.
Контракт өлчөмү: 25 500дөн 27 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу дурус).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Малдыбаев көчөсү, 36 Б.
Телефон номерлери: (0312) 59-53-52, (0312) 56-31-53, (0700) 48-49-20, (0700) 94-03-06, (0700) 87-85-85.

КРСУ колледжи

Кирүү экзамендери: чөйрө дизайны жана кийим дизайны боюнча чыгармачыл сынагы (биринчи баскыч — сүрөт, экинчиси — композиция).
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт.
Адистиктер: чөйрө дизайны; кийим дизайны; экономика жана бухгалтердик эсеп.
Келишим баасы: 27 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу кажет).
Кимдер тапшыра алат: 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Анкара көчөсү, 24 К.
Телефон номерлери: (0312) 44-76-28, (0550) 15-02-27, (0550) 73-97-33.

Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Адистиктер: BT жана AC программалык камсыздоосу; башталгыч класстарда окутуу; укук таануу; экономика жана бухгалтердик эсеп; банк иши; менеджмент; башталгыч класстарда окутуу; мектепке чейинки билим берүү; социалдык педагогика; туризм; эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик системаларды техникалык камсыздоо.
Келишим баасы: 22 000ден 25 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Лев Толстой көчөсү, 210/4.
Телефон номерлери: (0312) 41-60-93, (0558) 11-02-69.

Инновациялык кесиптер институтунун алдындагы колледж

Кирүү экзамендери: дизайн боюнча адистиктер.
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); банк иши; дизайн (тармактар боюнча); жер жана мүлктүк мамилелер; жерге жайгаштыруу; өрт коопсуздугу; транспорттук радиоэлектрондук жабдууларды техникалык эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча); эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө.
Келишим баасы: 38 800 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Виноградная көчөсү, 1/17.
Телефон номерлери: (0552) 85-82-83, (0703) 88-87-17, (0772) 75-70-42.

А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, катталгандыгы тууралуу күбөлүк (өспүрүмдөр үчүн), ЖРТ сертификаты (11-класстан кийин тапшырып жаткандар үчүн).
Адистиктер: логистикадагы операциялык ишмердик; маркетинг; менеджмент; салык жана салык салуу; камсыздандыруу иши; банк иши; мекемелердеги финансы; бюджет жана бюджеттик эсеп; экономика жана бухгалтердик эсеп.
Келишим баасы: 38 000 сом (баа өзгөрүшү мүмкүн, техникумдун кабылдамасынан сураштырып алуу дурус).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Чүй проспекти, 269.
Телефон: (0312) 39-15-41.

Кыргызстан эл аралык университетинин политехникалык колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: компьютердик түйүндөр; компьютердик системаларда программалоо; электр станциялары; байланыш түйүнү жана коммутация системалары; байланыш каражаттарын эксплуатациялоо.
Келишим баасы: 25 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Чүй проспекти, 255.
Телефон номерлери: (0312) 61-37-55, (0707) 49-49-19.

И.Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, катталгандыгы тууралуу күбөлүк (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы; радиоэлектрондук техниканы тейлөө жана оңдоо (тармактар боюнча); эсептөө техникасынын каражаттары жана компьютердик түйүндөрдү техникалык тейлөө жана ремонттоо (тармактар боюнча); электр станциялары, түйүн жана системалары; автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана ремонттоо; унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү (аба каражатынан тышкары) боюнча).
Келишим баасы: 30 000 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Чыңгыз Айтматов проспекти, 66.
Контакты: (0502) 24-23-90, (0558) 22-11-86, (0555) 66-99-34.

М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун экономика жана тейлөө колледжи

Кирүү экзамендери: жок
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт.
Адистиктер: экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча); финансы (тармактар боюнча); укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу; укук таануу; менеджмент (тармактар боюнча); банк иши; туризм; коомдук тамактануу өндүрүмдөрүнүн технологиясы; социалдык педагогика; прикладдык информатика (тармактар боюнча); мейманкана жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу; салык жана салык салуу.
Келишим баасы: 29 500 сом (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алыңыз).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.
Телефон номерлери: (0707) 11-81-18, (0709) 89-14-89.

Бишкектеги көп тармактуу тоо-кен колледжи

Кирүү экзамендери: химия, физика, кыргыз / орус тили (тандалган адистикке жараша).
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндөгү алты сүрөт, 086/у формасындагы медициналык тастыктама, катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (өспүрүмдөр үчүн).
Адистиктер: пайдалуу кендерди жер алдында иштетүү; ачык тоо-кен иштери; пайдалуу казылмаларды байытуу; маркшейдердик иш; гидрогеология жана инженердик геология; мунай жана газ скважиналарын бургулоо; прикладдык геодезия; жерге жайгаштыруу; электр менен камсыздоо (тармактар боюнча).
Келишим баасы: 25 000ден 30 000 сомго чейин (баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алуу абзел).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Ахунбаев көчөсү, 123а.
Телефон номери: (0775/0773) 17-73-42.

"Компас колледж" орто кесиптик билим берүү мекемеси

Кирүү экзамендери: тестирлөө болушу мүмкүн.
Документтер тизмеси: билими тууралуу документ, паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Адистиктер: архитектуралык дизайн; графикалык дизайн; креативдик бизнес; кийим дизайны; медиадизайн; IT-инженерия жана дизайн; IT-өндүрүмдүк дизайн (бул адистикке IT-курсту аяктагандыгы жөнүндөгү сертификаты жана 9-классты бүтүргөндөр гана тапшыра алышат).
Келишим баасы: 6 000 доллар (523 825 сом, баада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, окуу жайдын кабылдамасынан тактап алган жакшы).
Кимдер тапшыра алат: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Дареги: Манас проспекти, 41/1.
Телефон номери: (0550/0700) 86-68-60
Токойдо сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Бишкектеги туризм агенттиктери. Тизме, байланыш телефону
Жаңылыктар түрмөгү
0