Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чүй облустук театры Музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөрөт

© Sputnik / Асылбек БактыбековШаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев Чүй театрынын штаттык кызмат орундары көбөйтүлөрүн айтты.
Чүй облустук театры Музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөрөрүн Жумакадыр Курмангалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Чүй облустук театры Музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөрөт
Анын айтымында, Чүй облустук театры атактуу куудул Шаршен Термечиковдун атын алып жүргөндүктөн сатира багытын да кошуп, жаңычылдыктар кирет.
"Чүй облустук театры Музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөрөт. Театр түптөлүп жатканда да ушул максат болгон. Кыргызда Куйручуктун, Шаршендин көчүн улаган мыкты таланттарыбыз бар. Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Жаныбек Алыкулов, Борончу Кудайбергенов сыяктуу сатириктерди айтууга болот. Чүй облустук театры атактуу куудул Шаршен Термечиковдун атын алып жүргөндүктөн сатира багытын да кошуп, жаңычылдыктарды киргизебиз. Ага байланыштуу штаттык кызмат орундары да көбөйтүлүп, репертуарлар кеңейип, жакшырат", — деди Курмангалиев.
Ошондой эле адис жаңы театралдык сезондон баштап Чүй театры өлкө ичинде гастролдорду көбөйтүп, чыгармаларын тартуулай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0