Кардиолог кан басымды нормада кармоонун жолдорун айтты

© Depositphotos.com / RidofranzДарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Дарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Ашыкча салмактан арылып, активдүү кыймылды көбөйтүп, спирт ичимдиктерин ичпей, чылымды таштап, санаа тартпаганды үйрөнүү менен гипертониялык ооруларды 10 жылдан 30 жылга чейин ары жылдырууга болот.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Гипертониялык оорулардын өрчүү факторлорун Sputnik радиосуна кардиолог Татьяна Романенко айтып берди.
Дарыгердин түшүндүрмөсүнө ылайык, оору өтө өрчүп кеткенге чейин айрым адамдар аны сезбей жүрө берет.

"Кан басым жогору болуп жатканда ар кимде ар кандай белгилер болот: кээ бири ысып, кыйналса, кээ бири, тескерисинче, чыйрыгат, айрымдар дааратканага бат-баттан барып калат.

Баш оору, баштын оор сезилиши, көздүн чыбырчыктоосу, жүрөк айлануу, баш айлануу, түз басып баратып эле бир жакка ооп кетүү өңдүү көрүнүштөр болсо кан басымды текшерүү кажет.
Көпчүлүк адам кан басымы көтөрүлүп кеткенин сезбейт, бул деген аларда гипертониялык оору жок дегенди билдирбейт, ушул чоң көйгөй. Себеби адамдагы оору өтүшүп кеткенден кийин, мисалы, инфаркт, инсульт алып, бөйрөгү иштебей баштаганда же көзү көрбөй калган учурда эле белгилүү болот", – деди Татьяна Романенко.
Кардиолог мындай көйгөйлөрдүн жаралышына жеткирбей, кан басымды дайыма өлчөп жүрүүнү сунуштаган. Айтымында, кан басымдын көтөрүлүшүн алдын алууга болот.

"Гипертония ооруларына алып келчү көрүнүштөр – ашыкча салмак, аз кыймыл, туздуу тамакты көп жегендик, спирттик ичимдиктерди ашыкча ичүү, стресс, чылым чегүү жана, албетте, генден да өтөт. Эгерде ата-энесинин бири аталган илдеттен жабыркаган болсо адам сөзсүз кан басымын көзөмөлгө алышы керек. Салмакты нормага келтирип, активдүү кыймылды көбөйтүп, спирт ичимдиктерин ичпей, чылымды таштап, ашыкча санаа тартпаганга көнсөк гипертониялык ооруларды 10 жылдан 30 жылга ары жылдыра алабыз", – деп түшүндүрдү Романенко.

Ошондой эле ал эгерде адамда биринчи жолу кан басым көтөрүлүп жатса дарыгерге сөзсүз кайрылуу зарылдыгын эскертти.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Кан басымы жогорулар канча дарыланса да тузду азайтпаса майнап чыкпайт. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0