Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда экологиялык курулуш боюнча кеңеш түзүлдү

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын Жашыл альянсынын төрагасы Арстан Кадыров
Кыргызстандын Жашыл альянсынын төрагасы Арстан Кадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Кыргызстандын Жашыл альянсынын төрагасы Арстан Кадыров Экологиялык курулуш кеңешинин максаттары тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда Экологиялык курулуш кеңеши түзүлүп, ал World Green Building Council курамына кирет. Ал кеңешти нече уюм, компаниялар кошо түптөп, тең негиздөөчү болушту. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда Экологиялык курулуш боюнча кеңеш түзүлдү
Анын айтымында, Кыргызстандын Экологиялык курулуш кеңеши өлкөдө туруктуу өнүгүү жана экологиялык жактан таза курулуш тажрыйбасын илгерилетүү максатын көздөйт.
"Дүйнөлүк кеңеш туруктуу курулуш секторун ишке ашырууну кубаттайт. Ошол эле учурда туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө Париж келишиминин жана БУУнун глобалдык максаттарына жетүү үчүн ишканалар, түрдүү өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен кызматташат. Анын курамына дүйнөнүн 75тен ашык өлкөсүндөгү мүчөлөрдүн кеңештери кирет, алардын жалпы саны 46 миңден ашат. Биздин өлкө да бардык глобалдык жашыл демилгелерге кошулат. Белгилей кетсек, Казакстан менен Өзбекстандын уюмдары буга чейин эле WorldGBC уюмуна мүчө болуп кирген. Эми мындан ары Кыргызстанга Борбор Азия чөлкөмүндө "жашыл" технологияларга өтүүнү тездетүү мүмкүн болот. Жашоонун сапатын жакшыртуу, элдин ден соолугуна кам көрүп, сактоо үчүн имараттарды долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо туруктуу, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза технологияларды жана тажрыйбаларды жайылтуу керек", — деди Кадыров.
Жаңылыктар түрмөгү
0