Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эмне үчүн россиялык "Герань" менен "Оникс" Дунай тарапка учууда? Аскерий сереп

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүү"Бастион" ракеталык комплекси "Оникс" ракеталары менен. Архив
Бастион ракеталык комплекси Оникс ракеталары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Россия Украинага деңиз, дарыя жолу менен натолук куралдын байма-бай жөнөтүлүшүнө жөн карап, тим калбайт. Россия армиясынын аралаш соккулары Украинанын Кара деңиз жана Дунай логистикаларын, жээктеги мунай өндүрүм базаларын, кампа, арсеналын ырааттуулук менен жок кылууда.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "жеткирүү тутуму" НАТОнун румыниялык территориясына чейинки үч багыттан россиялык "Герань" жана "Оникстер" менен таамай талкаланып жатканын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
РФ Куралдуу күчтөрү сутка сайын украиналык согуштук аракеттер театрындагы аскердик объектилерге, анын ичинде "мобилизацияланган" Кара деңиз жана Дунай портторуна аралаш сокку урууда. Маселен, 24-июлга караган түнү Рени порттук шаарынын үстүндө учкан 15 россиялык "Герань-2" учкучсуздарын байкашкан. Натыйжада Измаил менен Вилководо катуу жарылуулар катталды. "Юг" украиналык командачылыгы "айрым порттук кубаттуулуктарга" сокку урулганын тастыкташты.
The New York Times газетасы "НАТО мүчөлөрү менен кыйла түз конфронтация" тобокелдигин жана буудайдын дүйнөлүк баасы алты пайызга көтөрүлгөнүн кабарлады. "Эгин келишими" Батыш Украина Куралдуу күчтөрүн курал менен жабдууну жымсалдоого колдонууну көздөгөн болбогон бир барак көрүнөт.
Дунайдын сол жээгиндеги Рени порту – Украинанын эң маанилүү дайра, деңиз, автомобилдик жана темир жол транспорттук түйүнү. 24-июлга чейин бул Одесса портуна альтернатива болуп келген. Россиялык соккудан кийинки америкалык маалымат каражаттарындагы жана Батыштын тынчсызданган реакциясынын себеби ушунда. Ал эми румыниялык Adevărul газетасынын кырдаалды туура баалай билген окурмандары: "Кандай болгон күндө да Россия эми украиналык буудайдын экспорту Батыштын Украинага курал жеткирүүсү үчүн колдонулушуна жол бербейт... Бул системалык чабуул курал жана ок-дары жеткирүүнүн түштүк жолунун порттук инфраструктурасын бууп койду", — деп өз ара талкуулашкан.
Мурдагы күнү РФ Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко: "Кара деңиз акваториясын Украинага курал жеткирүүгө, аны диверсиялык жана террордук максатта колдонууга жол бербейбиз", — деп билдирди. Андан мурун, тагыраак, 19-июлда россиялык "Оникс" жана Х-22 ракеталары Одесса облусундагы порттук инфраструктураны иштен чыгарган.
Крым жээгиндеги "Бастион" ракеталык комплекстери "Оникстер" менен 21-июлда Затоктогу стратегиялык маанидеги көпүрөгө сокку урган. Украина Куралдуу күчтөрү да россиялык гиперүндүү "Оникстерди", Х-22 ракеталарын натолук каражаттар менен колго түшүрүү мүмкүн эместигин моюндады. Деңиз жана дайра порттору, анын тегерегиндеги инфраструктуранын талкаланышы Украина Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кыйла азайтат.
Украиналык аскерлер Запорожье облусунда Леопард-2 танкын оңдоп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: "Брэдли" менен "Леопарддар" кыйроодо

Жаңы дүйнөгө мажбурлоо

Америкалыктар Украина Дунай порттору аркылуу айына 2 миллион тоннага чукул эгин экспорттоп келгенин айтып кейиди. Бирок иш жүзүндө дал ушул жол менен Батыш киевдик режимди курал менен жабдып жүргөн. "Темир агым" Америка менен Европадан негизинен деңиз аркылуу чыгат. Ошондой эле Германия, Нидерланд жана Польшанын портторунан аскердик жүк Украинага темир жол, автомобилдик жана деңиз транспорту менен жөнөтүлөт. Роттердамдан Рейнага жогору, андан Майн – Дунай каналына сүзүп отуруп, Измаил менен Рениге чейин болжол менен он суткада жетет. Ошол учурда бир кургак жүк менен Украина Куралдуу күчтөрүнө 7000 тоннага чукул курал жана ок-дары төрт темир жол эшелонунда танк, пехота унаалары, артиллерия жана ок-дары толгон 70тен вагон келет.
Эми Дунайдагы украиналык порттордун кийинки тагдыры белгилүү. Россия атайын аскердик операциясынын максаттарын өзгөртпөйт. Активдүү түрдө дал ушул Николаев, Одесса, Измаил, Рени багыттарына сокку урганы тегин жерден эмес. Жакын арада НАТОнун чыгыш европалык логистикасы бузулары күтүлөт.
Атайын аскердик операция аймагындагы "Центр" аскердик тобунун командачысы, генерал-лейтенант Андрей Мордвичев 23-июлда борбордук россиялык телеканалдардын бириндеги маегинде украиналык "контрчабуул" күзгө чейин аяктаарын жоромолдогон. Согуштук аракеттердин узактыгы боюнча суроолорго да ачык жооп берген. "Жетиштүү убакыт жумшоого туура келет. Эгер Чыгыш Европадан кеп салып жатсак, так бир мөөнөт жөнүндө айтыштын кажети жок. Албетте, узагыраак болот", — деген ал.
Россиянын негизги союздашы болгон Беларусь 22-июлда коргоо жаатындагы мыйзамдарын өзгөртүүнү аяктады. Мисалы, № 292 мыйзамында "жамааттык коопсуздукту камсыздоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздукту колдоочу ишмердикке катышуу үчүн аскер кызматкерлерин, аскерлештирилген уюмдардын кызматкерлерин жана башка тараптарды Беларусь Республикасынын тышына жөнөтүү" жагы каралды. Мындан улам киевдик бийлик жана анын батыштык кожоюндары жүрөксүнө башташты. Себебин эске салсак, Беларусь Республикасынын конституциялык нейтралитети жана өзөктүк эмес макамы мурда эле алынган.
Атайын аскердик операциянын ушул баскычында "чектелген" украиналык согуштук аракеттер театрындагы россиялык жана беларусту аскердик топтордун чечкиндүү аракеттери Европадагы эскалацияга жол бербей, "создугуп кете турган согуштун", андан ары түндүк америкалык континентке чейин "чагыла турган күчтүн" алдын алышы мүмкүн. Россия дале дүйнөдө эң күчтүү өзөктүк держава бойдон, ошондуктан эч бир согушта жеңилбейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Як-130 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык Аскер-космостук күчтөрү Як-130дун партиясын алды. Учакка мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0