Ким Чен Ын Шойгуга АКШныкына окшогон жаңы пилотсуз учактарды көрсөттү. Сүрөт

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Түндүк Кореяга иш сапары
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Түндүк Кореяга иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Сүрөткө Түндүк Кореянын лидери россиялык министрге өлкөсүнүн континент аралык баллистикалык ракеталары баш болгон жаңы куралдарын көрсөтүп жүргөнү тартылган.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россиянын коргонуу министри Сергей Шойгуга америкалык өндүрүштөн чыкканга окшогон өз өлкөсүнүн, Түндүк Кореянын пилотсуз учуучу аппараттарын көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мурдараак Ким Чен Ын Шойгу жана россиялык аскер делегациясынын мүчөлөрү менен 26-июлда көргөзмөгө барганы кабарланган. Иш-чара Түндүк Кореянын Коргонуу министрлигинин колдоосу менен корей согушунун аякташынын 70 жылдыгына карата өткөн.
Сүрөткө Ким Чен Ындын россиялык министр менен бирге өлкөсүнүн континент аралык баллистикалык ракеталары баш болгон жаңы куралдарын кыдырып карап жүргөн учуру тартылган. Андан согуштук бөлүктөрдүн номерлери коюлган камуфляждык түс түшүрүлгөн баллистикалык ракеталарды, атуучу мобилдик түзүмдөрдү, танкаларды, сооттолгон техникаларды көрүүгө болот.
Өзгөчө көңүлдү пилотсуз учуучу аппараттардын эки үлгүсү бурган. Баннерлерге алардын учуп жүргөн сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бул, демек, Корея аларды жаңы гана иштеп чыкпастан, аба мейкиндигине кое берип сынап көргөндүгүнөн кабар берет.
Аталган өлкөнүн "Рёнхап" агенттиги дрондордун бири тышкы көрүнүшү боюнча америкалык чалгындоочу RQ-4 Global Hawk аппаратына окшош экендигин, ал эми экинчиси MQ-9 Reaper компании General Atomics техникасына түспөлдөшүп кетерин жазган. Биринчиси АКШныкына өтө окшош болгондуктан "эгерде алар Корей жарым аралына бир мезгилде учса, аларды алмаштырып алуу ыктымалдыгы бар" экенин жазган.
Агенттиктин маалыматына таянсак, Корея аталган аппараттарды жасоодо хакердик чабуул менен алынган маалыматтарды колдонушу мүмкүн деген божомол бар.
Россиянын коргоо министри башында турган россиялык аскер делегациясы Корея согушунун аякташынын 70 жылдыгына карата өткөн салтанатка катышуу үчүн барган. РФтин Коргонуу министрлигинин айтымында, бул иш сапар Москва менен Пхеньяндын аскердик байланыштарын бекемдөөнү шарттап, эки мамлекеттин кызматташуусундагы маанилүү этап болуп калмакчы.
Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Түндүк Корея: Корей жарым аралы "өзөктүк согуштун чегине" жакындап калды
Жаңылыктар түрмөгү
0