Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдырахманов: Улуттук университеттин бюджети алгач ирет 1 млрд. сомго чыкты

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга берилген өзгөчө статус биринчи кезекте ректорлоруна чоң жоопкерчилик артарын айтты.
Өзгөчө макамга ээ болгон беш ЖОЖдун алдына ар бирине конкреттүү тапшырмалар коюлган. КУУ жөнүндө айта турган болсок, быйылкы окуу жылына карата атайын эсептин киреше бөлүгүн 1 миллиард сомго чыгаруу, ал эми 2027-жылы бул сумманы 2,5 миллиард сомго жеткирүү милдети тагылган. Бул тууралуу Төлөбек Абдырахманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдрахманов: Улуттук университеттин бюджети алгач ирет 1 млрд. сомго чыкты
Анын айтымында, 2022-2023- окуу жылы башталып жаткан сентябрь айында улуттук университеттин атайын эсебинин киреше бөлүгү 700 миллион сом болсо, аталган окуу жылын дээрлик 1 миллиард сом менен жапкан. Мындай көрсөткүч университеттин тарыхында биринчи жолу катталган.

"Өлкөдө беш ЖОЖго өзгөчө макам ыйгарылып, 2027-жылга чейин аткарууга бир топ милдеттер тагылган. Бул кадамдар министрлер кабинетинин билим берүү жана илимдин сапатын жакшыртуу, көтөрүү максатында жасап жаткан иш-аракеттерине кирет. Ошол өзгөчө макам берилген беш окуу жайы консорциум түзүп, алдыдагы беш жылдык иш пландарыбызды бекиткенбиз. Бул кирип жаткан саамалык болгондуктан, албетте, биргелешип иштесек жеңилирээк болчудай. Ооба, беш университеттин деңгээли бирдей эмес экен. Ошол өзгөчөлүктөрдөн улам да ар бирине өзүнчө берилген тапшырмалар бар, мындан сырткары, баарыбызга бирдей коюлган талаптар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, өзгөчө статус алган беш окуу жайы тең 2027-жылга чейин дүйнөдөгү алдыңкы жүздүктөгү ЖОЖдордун катарына кирип калуусу шарт. Ошону менен бирге эле бардыгыбызга экономикалык эркиндик берилип жатат. Тактап айтканда, окуу жай өзү тапкан каражатын мындан ары өзү чечим чыгарып колдонуп, жоопкерчилигин да өзү алат. Ал эми мен жетектеп турган улуттук университетке жекече коюлган милдеттемелердин бири атайын эсепке топтолгон каражаттын киреше бөлүгүн быйылкы окуу жылына карата 1 миллиард сомго, ал эми 2027-жылга чейин 2,5 миллиардга көтөрүү болчу. Биз бул талапты аткардык. Алдыда жыл сайын киреше бөлүгүн 500 миң сомдон көбөйтүп турууга жетишибиз зарыл", — деди Абдырахманов.

Ректор аталган университетте мындан ары билим берүү программаларынын структурасы илимди өнүктүрүүгө басым жасоо менен өзгөрөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0