КРде 2 млрд. долларга ГЭС куруу келишимине кол коюлду

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭСтин курулушу. Архив
ГЭСтин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Каскадга жалпы кубаттуулугу 1 160 МВтты түзгөн 4 гидроэлектростанция камтылат.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Ысык-Көл — 2023" Эл аралык VII экономикалык форумунда өлкө тарыхындагы эң ири инвестициялык келишимдердин бирине кол коюлду. Кеп 2 миллиард долларга Казарман ГЭС каскадын куруу жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.
Анын айтымына караганда, кытай компанияларынын консорциуму Нарын дарыясында 2 миллиард долларлык долбоорду ишке ашырат. Ага жалпы кубаттуулугу 1 160 МВтты түзгөн 4 гидроэлектростанция камтылып, 2030-жылы эксплуатацияга берилет.
Форумда жалпы жонунан 11 келишимге кол коюлду. Анда айыл чарба, энергетика, туризм, Асмандын аймагына технопарк түзүү камтылган.
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0