"Орто-Сай" базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района"Орто-Сай" базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды
Орто-Сай базарынын соодагерлеринен акча талап кылган деп депутат кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
14-июлда милицияга аял кайрылган. Анын айтымында, эркек киши алардын соода орунун алып коем деп коркутуп акча талап кылган.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Ал соодагерлерден акча талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБ билдирди.
14-июлда милицияга К.А. аттуу аял белгисиз кишиге чара көрүүнү суранып милицияга кайрылган. Ал өзүн "Орто-Сай" базарындагы эт саткан бөлүмдүн администратору катары тааныштырып, жыл башынан бери соодагерлерден алар тапкан кирешенин кайсы бир бөлүгүн талап кылып келген. Болбосо соода орунун алып коерун айтып коркуткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча иш козголгон.
"Акча алып жаткан жеринен 1987-жылкы А.А. кармалды. Ал Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты экени аныкталып Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жашаган жеринен белгисиз үлгүдөгү курал жана акча табылды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүнүн ушуга окшош кылмыштарга катышканы аныкталганын белгиледи.
165 млн. сомго сатмак. Чүйдө баңгизат лабораториясы жабылып, жетекчиси кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
165 млн. сомго сатмак. Чүйдө баңгизат лабораториясы жабылып, жетекчиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0