Путин Россия — Африка форумуна катышты. Видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумга катышты
Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумга катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
РФ лидери Батыш бир жагынан РФке дан эгиндерди жөнөтүүгө тоскоолдук жаратса, бир жагынан дүйнөдөгү кризиске бетпактык менен күнөөлөп жатканын айтты.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумга катышты. Башкы тема адамдын жыргалчылыгына кызмат кыла турган эгемендүү өнүгүү үчүн технология жана коопсуздукту бекемдөө болду.
Ага катышкан Путин бир нече маанилүү учурларга токтолду.
Президент Батыш бир жагынан РФке дан эгиндерди жөнөтүүгө тоскоолдук жаратса, бир жагынан дүйнөдөгү кризиске бетпактык менен күнөөлөп жатканын айтты.
"Бул дан эгиндер боюнча келишимди аткарып, ишке ашырууга даана көрүндү", — деди Россия лидери.
Бул келишимдин алкагында дээрлик бир жылга жакын убакыт Украинадан 32,8 миллион тонна жүк экспорттолгон. Алардын 70 пайыз кирешеси жогору болгон (анын ичинде ЕБ бар) өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Жакында Кремль Эгин келишими токтотулганын билдирген.
"Кара деңиз келишиминин мөөнөтү аяктады. Буга чейин Россия президенти айткандай, анын мөөнөтү 17-июлга чейин белгиленген. Тилекке каршы, бул келишимдин Россияга байланыштуу бөлүгү азыркы күнгө чейин аткарылган жок. Мындан улам анын ("Эгин келишими" — ред.) иши токтотулду", — деген РФ президентинин маалымат катчысы Песков.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Россия эгин келишими боюнча БУУнун жыйынында сүйлөөдөн баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0