Садыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Садыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Аталган стадион 62 жылдан бери толук оңдоодон өткөн эмес.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
“Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
1961-жылы курулган стадион биринчи жолу капиталдык реконструкциядан өтүп жаткандыгы кошумчаланды.
Ошондой эле мамлекет башчы кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап бүтүрүүнү тапшырды.
Сүйлөшүүлөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Тендер толук жоюлдубу? Жаңы мыйзамда эмне өзгөрүп, кандай шарттар коюлган
Жаңылыктар түрмөгү
0