Садыр Жапаров Жалал-Абадда Сот адилеттиги үйүн ачты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Жалал-Абадда Сот адилеттиги үйүн ачты
Садыр Жапаров Жалал-Абадда Сот адилеттиги үйүн ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
Бир имаратта ар кандай инстанциядагы соттор жайгашат. Бул үчүн республиканын региондорунда ылайыктуу ири имараттар сот органдарына өткөрүлүп берилген.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сот адилеттиги үйү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү.
"Бир имаратта ар кандай инстанциядагы соттор жайгашат. Бул үчүн республиканын региондорунда ылайыктуу ири имараттар сот органдарына өткөрүлүп, алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты - Sputnik Кыргызстан
1/5

Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Сот адилеттиги үйү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү

Сот адилеттиги үйү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү - Sputnik Кыргызстан
2/5

Сот адилеттиги үйү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү

Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү - Sputnik Кыргызстан
3/5

Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибиндеги шарт түзүлдү

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибиндеги шарт түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
4/5

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибиндеги шарт түзүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө

Орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
5/5

Орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө

1/5

Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

2/5

Сот адилеттиги үйү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү

3/5

Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү

4/5

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибиндеги шарт түзүлдү

5/5

Орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө

Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү.
Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибиндеги шарт түзүлдү. Орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө.
Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан. 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган объектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өттү. Бул каражатка имараттын реконструкциясынан тышкары сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери толук жаңыланды. Санариптик программалар судьялардын жана сот приставдарынын ишин интеграциялады, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын сот органдарына кайрылуусу үчүн шарттар түзүлдү.
Эске салсак, 2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү иштеп баштаган. Ал чек арачылардын эски казармасынын толугу менен оңдолгон имаратында ачылган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Президент Ош менен Жалал-Абадга беш күнгө барат
Жаңылыктар түрмөгү
0