Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын Таганрогду аткылоосу: Россия жооп кылган катаал чаралар тууралуу айтты

© Sputnik / Евгений ОдиноковРоссиянын Тышкы иштер министрлигин имараты
Россиянын Тышкы иштер министрлигин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
РФтин ТИМ өкүлү Украинанын кезектеги чабуулу тынч аймакка, жай жарандарга карата жасалганын белгилеп, кылмыштуу террордук аракет деп атады.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын Таганрог шаарын зениттик ракета менен аткылоосу жана Москва облусуна учкучсуз аппарат менен чабуулу боюнча билдирүү таратып: "Россия катаал жооптук чараларга барышы мүмкүн", — деп билдирди.
ТИМ бүгүн, 28-июлда, киевдик режим Таганрогдогу калк жашаган аймакты абадан коргонуучу С-200 топтомундагы ракета менен аткылап, кезектеги террордук чабуулун жасаганын белгиледи. Россиянын абадан коргонуу системасы Украинанын ракетасын өз учурунда токтотуп, анын сыныктары шаардын аймагына түшкөн. Чабуулдун кесепетинен бир нече имараттар зыян тарткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, айнектердин сыныгынан бир катар адамдар жабыркаган.
Мындан тышкары, террордук чабуул Москва облусуна да жасалып, Россиянын абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз аппаратты токтотту. Каза болгондор жана кыйроолор жок экени айтылды.
"Киев режиминин калкка жана тынч аймактагы инфраструктураларга багытталган кезектеги кылмыштуу аракеттерин чечкиндүү түрдө айыптайбыз", — деген Захарова.
Ошондой эле ал эл аралык коомчулукту жана уюмдарды Украина бийлигинин террордук ыкмаларын айыптоого чакырды.
ФСБнин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Украинанын атайын кызматы Кара деңиз флотунда теракт жасоого аракет кылган
Жаңылыктар түрмөгү
0