Бишкектеги үч матч: "ак шумкарлардын" ДЧ тандоо турундагы беттештери аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
Келерки футболдук беттештин борбор калаада ноябрь айында өтөрү маалым болду.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылкы Азия кубогунун экинчи тандоо оюндарынын алкагындагы раунддарынын расписаниеси менен тааныштырды.
Экинчи раундга чүчү кулак кармоо кечээ өткөн. D тайпасында ак шумкарлардын атаандашы Оман менен Малайзия командалары деп аныкталды. Үчүнчү атаандаш биринчи раунддун жыйынтыгы менен белгилүү болот. Биздин спортчулар же Тайбэйдин, же Чыгыш Тимордун футболчулары менен беттешет.
Баш-аягы алты оюн өтөт. Алардын үчөө Бишкек шаарында болот. Жакынкы матч ноябрда деп пландалды.
Расписание:
16-ноябрь (2023-жыл) — Малайзияда жергиликтүү спортчулар менен беттеш болот;
21-ноябрь — омандыктар менен оюн Бишкекте өтөт;
21-март (2024-жыл) — Тайбэй же Чыгыш Тимордо жергиликтүү спортчулар менен таймашат;
26-март — Тайбэй же чыгыш тиморлуктар менен Бишкекте ойнойт;
6-июнь — малайзиялыктар менен Бишкекте беттешет;
11-июнь — Малайзияда жергиликтүү спортчулар менен ойнойт.
Келерки жылы үчүнчү раундга тайпаларда 1,2-орундарды алган 18 команда кирет. Кыргыз футбол союзу дүйнө чемпионатына кирүү мүмкүнчүлүгү эки эсе өскөндүгүн, себеби АКШ, Мексика жана Канадада өтчү 2026-жылдагы биринчиликке 32 команданын ордуна 48и катышарын айтты. Азиядан төрт эмес, сегиз курама команда бара турган болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү, фристайлер Толгонай Алмазбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Радио
Алмазбекова: Кыргызстанда кыздар футболу колдоого муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0