Бишкектин Жал кичи районунда аял өлтүрүлүп, шектүү кармалды

© Sputnik / Михаил ГоленковКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Жал кичи районуна чакырууга барган Тез жардам кызматы аялдын каза болгонун жана денесиндеги жаракаттарды аныктаган. Ага шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлады.
Адам өлүмү боюнча маалыматтан кийин Ленин райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу аталган жерге барган. Окуя боюнча маалымат милицияга саат 21:40та түшкөн. Көз жумган 40 жаштагы Ш.М. аттуу жаран экени аныкталды.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча иш козгогон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурда чогуу жашаган аялын жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Үч адамдын өлүмү: маркум күйөөсүнө үй, биринчи аялына унаа алып берген дешти
Жаңылыктар түрмөгү
0