Кино — татаал турмуш. 40 жыл кинооператор болгон Абдыкулов менен видеомаек

Жазылуу
Белгилүү кинооператор Карел Абдыкулов ата мекендик кинематографияда 40 жылдан ашык эмгектенип, бир топ фильмдерди жараткан. Киночу Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири маек куруп берди.
КРдин эл артисти Карел Абдыкуловдун өзүнүн айтымында, ымыркай кезинде жетим калып, чоң энесинин колунда өсүптүр. Элеттеги мектепте билим алып, окуусун борбор калаада уланткан. Өз киндигин өзү кескен жигит эмгек жолун 1958-жылы "Кыргыз фильмден" баштап, "Ленфильмде" стажировкадан өтүп тажрыйба топтогон. Кийин Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунун операторлук факультетин аяктаган.
Абдыкулов чыгармачылыгында көбүнчө даректүү тасмаларды тартып, телевидениеге атайын чыгарылыштарды даярдаган. Алсак, "Советтик Кыргызстан" киножурналынын берүүлөрүн, "Көрөгөч" сатиралык журналынын атайын чыгарылыштарын тарткан. Андагы сейрек кадрлар азыркыга чейин архивде сакталып, киночулардын кинокартиналарында пайдаланылып келет. Ошондой эле ал союз маалында ири курулуш, жыйын, жолугушууларды, жогорку деңгээлдеги делегацияларды тосуп алган учурларды камерага түшүргөн.
КРдин эл артисти кесибинин аркасы менен жер көрүп, көптөгөн дүйнө лидерлерин тартып калганын айтат.
"Азыр ойлоп отурсам, кино — татаал турмуш экен. Себеби бул тармакта көрө албастык, жамандагандар бар, көзү, сөзү өткөндөр болот. Мен ага көңүл бурбай, ызаланбай иштей бердим. Эч кимге таарынган жокмун, эч ким менен талашып-тартышып урушпадым. Мен өзүмдү мактабайын, бирок бир да жолу бирөө менен кайым айтышкан жокмун. Анткени менден эч ким эч нерсе доолай алчу эмес. Кесиптештерим жетекчилерге "эмне үчүн Карел чет өлкөлүк командировкаларга көп барат" деп арызданышчу. Алар жогору жактагылар өздөрү Карелди тандап жатса мен эмне кылайын деп жооп беришчү. Кээде "Карелдей тарта албайсыңар, андай таза, тыкан иштебейсиңер, англис тилин билбейсиңер" дешчү экен. Мен Улуу Британиянын ханышасы Диана, АКШнын президенти Билл Клинтон, Түркиянын мурдагы президенти Тургут Озал, премьер-министри Сүлейман Демирел, кытайлык белгилүү мамлекеттик ишмер Дэн Сяопин менен жолугуп, аларды камерага түшүргөм", — деди Абдыкулов.
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 90-жылдан кийин республикадагы бир катар саясий-экономикалык процесстерди тартып, чет элдик сапарларга расмий делегация менен көп чыгып иштеген. Азыр 83 жаштагы киночу ардактуу эс алууда.
Тема боюнча:
Бир ГЭС бүтө электе экинчиси башталчу. Ардагер энергетик Иманалиевдин видеомаеги
Жалгыз комуз, жан күйөрү, медери... СССР эл артисти Самара Токтакунованын маеги
Жетимчилик жана аалам кезген атак. Сахна жылдызы Кайыргүл Сартбаева менен видеомаек
Элиме, мамлекетке ыраазымын. 82 жаштагы дирижер Жумалиев менен видеомаек
Кемчилик кетсе Усубалиевден таяк жечүбүз. Экс-министр Орозалиев менен видеомаек
Жаңылыктар түрмөгү
0