Сексуалдык муктаждыгын телефон аркылуу кандырып жүрүп ажырашууга жеткендер бар. Маек

© Фото / Pexels / cottonbroТөшөктө смартфон менен жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Төшөктө смартфон менен жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
Бул сапар үй-бүлөлүк баалуулуктар, коомдогу акыркы учурда арбыган ажырашуулар, балдарга көпчүлүк ата-энелердин тиешелүү көңүл бурбай жатышы сыяктуу маселелер жана аларды чечүү жолдору боюнча кеп кылдык.
Sputnik Кыргызстан редакциясында “Бакыт ордосу” деп аталган үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү, жетекчиси Акимжан Эргешов болду.
— “Бакыт ордосу” академиясынын түзүлгөнүнө быйыл бир жылдан ашты. Кандай иштерди аткарып жатасыздар?
— Бул аралыкта коомчулукта үй-бүлө институту боюнча билим берүүгө муктаждык чоң экенин көрдүк. Адис катары бир байкаганым, учурдагы коомубузда мыкты үй-бүлө күтүүгө кыздар көбүрөөк аракет кылып, ойлонушат экен. Курстарыбызга жазылгандардын арасында кыздар басымдуулук кылып жатты. Алардын берген суроосу, түйшөлгөн маселелери да жөндүү. Бизден жалпысынан 2500дөн ашуун адам келип түрдүү курстардан өтүп кетти. Мүмкүнчүлүк, каражат кенен болсо, бул санды 100 эсе көбөйтсө болот.
Аймактардан, чоң шаарлардан көптөгөн талап болот, бирок биз ал жакка бара албайбыз. Баары каражатка байланыштуу. Бир канча университетке иштешүү тууралуу кат таштадым, бирок бирөөнөн да “макул, келиңиз” деген жооп болгон жок. Мүмкүн алардын иши көппү же жаштардын келечегине кайдыгерби, билбейм. Кызматкерлер муну бир коомдогу механизм катары карашы керек.
Биздин академиянын жалаң үй-бүлө союзун түптөөгө бел байлаган эки жашты эмес, кайнене, кайната, жеңе, айтор, кайсы макамды болсо да жакшы аткарууну каалаган бардык адамдар үчүн эшиги ачык. Психолог, гинеколог, урологдон сырткары сексопатолог, дин багытындагы, салт-санаа, үрп-адаттарды мыкты билген адистер иш алып барышат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Бакыт ордосу” деп аталган үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү, жетекчиси Акимжан Эргешов
Теолог Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
“Бакыт ордосу” деп аталган үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү, жетекчиси Акимжан Эргешов
Бизге кайрылган адамдардын эсебинен жалпылап айта турган болсок, учурда коомдо үй-бүлөлүк жашоосунан ырахат алып жашагандарга караганда, эптеп чыдап коёюн же болбосо балдар үчүн ажырашпай жашап жүргөндөр басымдуулук кылат экен. Мунун өзү учурдагы кыргыз коомунда үй-бүлө институтун сактоо жана бекемдөөгө олуттуу көңүл буруу зарылдыгынан кабар берет. Бул жерде бизге жаңы нерсени ойлоп табуунун кажети жок. Болгону кылымдардан бери келе жаткан, кан-жаныбызга сиңген, ата-бабабыздын жашоо тажрыйбасын колдонушубуз керек. Мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп, тиешелүү органдар масштабдуу иштерди алып баруучу мезгил талабы болуп турат. Мисалга алсак, Араб Эмиратында кадимкидей Бакыт министрлиги иштейт. Алар үй-бүлөлөрдүн оор-жеңилин колдон алып, бардык жагынан туруктуу салымын кошот. Биз Социалдык коргоо министрлигине жүктөйбүзбү же өзүнчө бир мекеме түзүлөбү, айтор, үй-бүлө институтун чыңдоого республикалык деңгээлде маани берилиши зарыл болуп турат. Биздин академия бул маселе менен иштөөдө деңиздеги эле тамчы болуп калат.
Бүгүн биз балдар-кыздарыбызды ар тармактуу даярдыктардан өткөрүп жатабыз. Бий, музыка, арифметика өңдүү ар кандай ийримдерге беребиз. Аны үйрөнүүдө атайын же жогорку окуу жайы болот. Болбоду дегенде кесиптик окуу жайына алып барабыз. Балдардын келечеги үчүн кам көрөт, бирок ата-энелер балдарынын эртеңки үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна, түгөйү менен мамилеси жаркын түзүлүшүнө чүрпөсүнүн бала кезинен баштап көңүл бурбайт экен. Үй-бүлө баалуулуктары тууралуу окууга убакыт коротуп, акча кетиришпейт. Канчалык акылдуу, карьерасы өскөн, тапканы көп, коомдо беделдүү болсоң да, үйдө тынчтык болбосо сен эч ким эмессиң. Бул — ачуу чындык. Муну ар ким таразага салып көрсүн. Атак-даңкы, тапкан мүлкү өйдөбү же үй-бүлөсүбү маанилүүбү? Бизге келгендердин баарын эле мударис кылып чыгарабыз деп айтпайбыз. Колдогу жакшы кеңештер, насааттарыбыз менен бөлүшүп окутабыз. Адис катары абал оор экенин айткым келет. Кыргызстандагы ажырашуулар ар бир үчүнчү, төртүнчү үй-бүлөгө туура келет. Былтыркыдан статистика өзгөргөн жок. Бир үй-бүлөнүн ажырашуусу алардын жеке көйгөйү эмес, коомдун, улуттун, керек болсо жалпы адамзаттын маселеси экенин түшүнүшүбүз керек. Мындай түшүнүктү калкка жайылтуу зарыл. Биздин кемчилигибиз — бир үй-бүлө ажырашса аларды сын көз менен карайбыз.
Үй-бүлө институтун союз кезинде партия көзөмөлдөчү. Кийин ал боштукту эч ким толтурган жок. Эгемендикти алгандан бери туулган балдар 32 жашка келип калды. Аларды да күнөөлөөгө болбойт. Ата-энеси курсак тойгузуу менен алек болду. Ар ким колунан келгендей жашап, бой жетишти.
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч
— Окутуу багыты боюнча ичинен айтып берсеңиз...
— Бизде окутуулар ар тараптуу жүрөт. Тилдик окуулар, өзүн-өзү өстүрүү менен кошо үй-бүлөлүк окуулар бар. Бул курсту мүмкүнчүлүктөргө жараша эки тепкичке бөлгөнбүз. Биз адамдарды бир жактуу сугаруудан качтык. Ата — абройлуулугун сактап, апа — эне катары кол жеткис болуп ордун билиши керек. Алгач экөө тең өз милдеттерин аңдасын. Эки тарап тең жоопкерчилигин сезгенде гана укугу автоматтык түрдө берилет. Психология бүгүн абдан зарыл маселе жана сезимибиз, акыл-туюмубуз бардыгы окшош. Ошондон улам көйгөйлөр бири-бирине окшошуп, ыкташып кетет. Алгач адамдын көйгөйүн аныктап алып, анан жардам берсек болот.
Тажрыйбабызда олуттуу көйгөйлөрдү көрө алдык. 40 жашка жетип-жетпей ден соолугу жагынан 70-80 жаштагы адамдар кабылган абалга түшүп калгандар болот экен. Бүгүнкү күндө сексопатолог адистерибиз кимге кайрылууга болорунан бери ачыктап чечип берет. Мунун себеби, биздин азыктануубуздун деңгээлинин төмөндөп кетиши, экинчиден, адамдардын коомдук жашоодогу тынчсыздыгы. Каякты карасаң деле стресс боло берсе, анын таасири абдан чоң. Айылдык тургунга шаардыкты салыштырсак анын стресске көп кабыларын жүзүнөн эле көрүүгө болот. Анткени шаар жашоосунда чынында стресске кабылткан учурлар көп. Экинчиден, жеп-ичкен азыктарыбыздын сапатсыздыгы.
Учурда үй-бүлөлүк жашоодогу олуттуу көйгөй смартфон болууда. Муну өтө ыксыз колдоно баштады. Бүгүнкү күндө жыныстык жашоосун да телефон аркылуу бүтүргөндөр бар экен. Ушундай көйгөй менен кайрылгандар арбын. Бизге кайрылгандардын 80 пайызын үй-бүлөлүк мамилелери ажырашууга жетип калган кезде келсе, алардын да 50 пайызынын көйгөйү смартфон менен байланыштуу. Төшөк маселесин смартфон аркылуу чечип жубайына көңүл бурбай койгондор, аялын же күйөөсүн кызганып телефонун ыксыз текшергендер жана башка ушул сыяктуу маселелер. Ушул телефонду кенен колдоно баштаганыбызга он жыл боло элек. Дагы он жылда кандай акыбалга жетебиз, билбейм.
Балдарыбызга бүгүн телефондун акыркы моделин алып берип, интернетке туташтырып колуна карматып коюп жатабыз. Эртең ал телефонго байланган, бүт кызыкчылыгын ошону менен өткөргөн адамга айланып калбашына ким кепилдик берет... Бүгүн ата-эне баладан эсеп аларга келгенде өтө эле коркок болуп калдык. Ата-эне катары аброюбуз түшүп кетти. Баладан кайсы социалдык тармакка катталганын, эмнени көрөрүн жана эмнеге кызыгарын сурашыбыз керек. Бала менен маңдай-тескей отуруп муну талкуулап, айрым маселелердин зыяндуулугун түшүндүрүп, ачык сөзгө өтүшүбүз зарыл.
— Демократиянын арты менен индивидуализм өкүмүн сүрүүдө. Ал эми кыргыздын жашоо каадасында үй-бүлө коомдук институт. Мына ушундан улам да ажырашуулар көп болуп жаткан жокпу?
— Коомдук тарбиялоонун да күчү чоң. Союз мезгилинде расмий жумушта иштебегендерге “дезертир” деген ат коюшкан. Бойдокчулук үчүн да салык төлөгөн кез болгон. Коомдун ар бир индивидге болгон таасирин күчөтүшкөн. Кыргыздар мурдатан эле бири-бирин эсепке алып, үй-бүлөдө болгон маселени урук, уруу ичинде талкуулап, аксакалдарга кайрылышкан. СССР бийлиги болгону муну коллективдештирип койду. Өзүм билемдик — бул биздин табиятыбызда, каадабызда, динибизде жок нерсе. Акыркы кезде балалуу болуу да кескин азайып кетти. Демография маселеси да көйгөйгө айланып калды...
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Өкүл ата институтунун тарыхы кандай? Этнограф Кайыповдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0