Кыргызстан сыраны чет өлкөгө 11 эсеге көп сата баштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДаяр сыранын сактоочу складындагы жумушчу. Архив
Даяр сыранын сактоочу складындагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында экспорттолгон сыранын суммасы 484,7 миң долларды түзгөн.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын алгачкы беш айында дээрлик 974,3 миң литр сыра экспорттоду. Мындай көрсөткүчтү Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Экспорттолгон сыра 484,7 миң долларга бааланган.
Кыргызстандан сыра алган өлкөлөр:
Латвия — 761,3 миң литр;
Кытай — 152,9 миң литр;
Россия — 54,1 миң литр;
Казакстан — дээрлик 6 миң литр.
Ал эми өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдү ала турган болсок, 2022-жылдын январынан май айына чейин 87,7 миң литр (11,1 эсеге аз) пиво экспорттолгон. Өткөн жылдын башындагы беш ай ичинде Россия менен Казакстанга сыра сатуу азайган, Кытай менен Латвия алган эмес.
Сыра. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Пиво эркектер менен аялдарга эки башка таасир этери маалым болду
Жаңылыктар түрмөгү
0