Жергиликтүү бийлик органдарына канча кызматкер жетишпейт? Инфографика

Жазылуу
Бир жыл мурда президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин айлыгын жогорулаткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги аймактагы мамлекеттик мекемелерде канча кызмат орду бош тургандыгына кызыгып көрдү.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 30-июнуна карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 736 кызмат орду бош. Кадр тартыштыгы ар бир облуста бар, ал өзгөчө Чүй менен Ош, Жалал-Абад облустарында курч турат.
Шаарларга жакын айыл-кыштактарда ветеринар, айыл чарба багытындагы адистер тартыш болсо, тоолуу райондордун тургундары экономист, эсепчилерге (бухгалтер) муктаж. Жалпылап айтканда, аймактагы мамлекеттик мекемелерге экономика жана башкаруу, юриспруденция, геодезия, ветеринария, айыл чарба, маалыматтык технологиялар адистиктерин бүтүргөн кесип ээлери керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0