АКШ Тайванга аскердик жардам катары 345 млн. доллар бөлөт

© AP Photo / Chiang Ying-yingТайваньдын желеги. Архив
Тайваньдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Жазылуу
Өз кезегинде Пекиндин Вашингтондогу элчилиги Тайвандын айланасындагы чыңалууну курчутпоого чакырды.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Тайванга аскердик жардам катары 345 миллион доллар бөлдүрүүгө тапшырма берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Каражатты коргонуу максатында, кызмат көрсөтүүлөргө, окутууларга жана машыгууга колдонушат.
Өз кезегинде Кытайдын Вашингтондогу элчилиги Тайвандын айланасындагы чыңалууну курчутпоого чакырды.
"АКШ "бирдиктүү Кытай" принцибин карманышы керек, Тайванга курал сатууну токтотуп, Тайвань кысыгында чыңалууну жарата турган жаңы факторлорду түзбөсүн. Аралдагы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч келтирбесин", — деди элчиликтин өкүлү Лю Пэнюй.
Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Ал Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэйге келген. Конгрессмен сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган. Бул 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен.
Тайвандын жана АКШнын желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Тайванды жарылчу жарага айлантууда. Кытай АКШны күнөөлөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0