Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды

© AP Photo / 1122 Head QuartersПакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды
Пакистандагы жардыруудан 35 киши каза таап, 200ү жаракат алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Жазылуу
Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, терактыны жан кечти жасаган.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында "Джамиат Улема-и-Ислам" партиясынын съезди өтүп жатканда жардыруу болду. Анын кесепетинен 35 киши каза таап, 200 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, жардыруу саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) съезд өтүп жаткан имараттын ичинде болгон.
Полиция окуяны теракт деп атап, аны жан кечти жасаганын кабарлады. Жеринде тергөөчүлөр иштеп жатат. Интернетке болжол боюнча жарылуу болгон учурдун видеосу жарыяланды.
Партиянын лидери Хафиз Хамдулла съездге жумуштары чыгып калып барбай калганын билдирди. Ал муну террорчулук деп атап, өлкө менен провинция жетекчилигин иликтөө иштерин баштоого чакырды. Ал ошондой эле жарандарды жардыруудан жаракат алгандарга кан тапшырууга үндөдү.
“Пакистан элдик партиясынын” төрагасы, ТИМ жетекчиси Билавал Бхутто Зардари федералдык өкмөт менен провинциянын өкмөтү террорчулардын шериктерин жоопко тартышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Зардари терактынын уюштуруучулары жок кылынышы керектигин кошумчалады.
ФСБнин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Украинанын атайын кызматы Кара деңиз флотунда теракт жасоого аракет кылган
Жаңылыктар түрмөгү
0