Американын мурдагы элчиси ЕБде НАТОнун аналогун түзүүнү сунуштады

© AP Photo / Vadim GhirdaНАТОнун желегин кармаган аскер. Архивдик сүрөт
НАТОнун желегин кармаган аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Дипломат учурдагы көйгөйлөргө Кытайдын күчтөнүп бара жатышын, климаттын өзгөрүшүн, жасалма интеллектини кошту.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Американын Евробиримдиктеги мурдагы элчиси Стюарт Айзенштадт азыркы көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЕБ менен АКШнын ортосунда НАТОго тең келе турган трансатлантикалык жаңы структура түзүүнү сунуштаганын РИА Новости жазды.
"XXI кылымдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЕБ менен АКШнын ортосунда НАТОго тең келе турган трансатлантикалык жаңы түзүм зарыл. Учурда НАТО болуп көрбөгөндөй кызмат көрсөтүүдө, бирок биз кыйын учурга кабылганда альянс мандатынын алкагынан чыгып, Атлантиканын эки тарабында тең көңүлдү өзүнө буруп турат", — деп жазды экс-элчи.
Айзенштадт аскердик жана экономикалык коопсуздуктун жана алардын өз ара байланышы өскөнүн, буларды координациялап, өзүнчө блокто кармабаш керектигин белгилеген.
Дипломат учурдагы көйгөйлөргө Кытайдын күчтөнүп бара жатышын, климаттын өзгөрүшүн, жасалма интеллектини, Иран, Түштүк Корея тараптан болуп турган өзөктүк курал коопсуздугун жана Украинаны калыбына келтирүүнү кошту.
"Мунун баары АКШ менен ЕБдин мурда болуп көрбөгөндөй тыгыз кызматташуусун талап кылат", — деген Айзенштадт.
Мурдагы элчи трансатлантикалык ассамблеяны түндүк атлантикалык НАТОнун үлгүсүндө түзүүнү, аны менен катар эле ЕБ — АКШ саммитин уюштурууну айтты.
Апрель айында Politico басылмасы ЕБдин расмий адамдарына таянып АКШ президенти Жо Байдендин, Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишелдин жана Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйендин сентябрда жолушугуусу пландалып жатканын кабарлаган.
ЕБ — АКШ саммити 2021-жылы июнь айында өткөн.
Флаг Украины устанавливают среди других перед заседанием Совета НАТО-Украина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы одоно үч катасын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0