Казакстанда Кыргызстандан барган дарбыздардан 59 кг героин, 10 кг нашаа табылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДарбыз кармаган адам. Архив
Дарбыз кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү баңгизатты 2,5 миллион долларга баалап жатат.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын полициясы Павлодар облусунда героиндин ири партиясынын транзитине бөгөт койду.
Өлкөнүн ИИМи июль айында Павлодар — Омск жолунан Кыргызстандан Россияга дарбыз ташыган 54 жаштагы КР жаранын кармаганын билдирди. Анын унаасынан героин салынган 21 таңгак табылып, жалпы салмагы 59 килограммдан ашкан, ошондой эле 10 килограмм нашаа салынган эки таңгак аныкталган. Бул 250 миң доза экени айтылып, партиянын жалпы суммасы 2,5 миллион доллардын тегерегинде экени белгиленди.
Сотко чейинки тергөө иштери башталды. Кылмыштын уюштуруучусу мүлкүнөн ажыратылып, 20 жылга кесилиши мүмкүн. Полиция кылмыштын башка катышуучуларын тактап жатат.
165 млн. сомго сатмак. Чүйдө баңгизат лабораториясы жабылып, жетекчиси кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
165 млн. сомго сатмак. Чүйдө баңгизат лабораториясы жабылып, жетекчиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0