Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө иш-чараларды уюштуруу бизнеси өнүгүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаИш-чараларды уюштуруучу компаниянын жетекчиси Айбек Жапаров
Иш-чараларды уюштуруучу компаниянын жетекчиси Айбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Иш-чараларды уюштуруучу компаниянын жетекчиси Айбек Жапаров кызматын Орто Азия мамлекеттери да пайдаланышарын айтты.
Кыргызстанда иш-чараларды уюштуруучу компаниялардын саны көп. Бул бизнестин дагы бир багыты. Бишкек шаарында эле корпоративдик мааракелерди өткөргөн 10дон ашык, жеке иш-чараларды (той-топур, туулган күн ж.б.) уюштурган 50дөн ашык компания бар. Ага жараша суроо-талап да жогору. Бул тууралуу Айбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө иш-чараларды уюштуруу бизнеси өнүгүүдө
Маектештин айтымында, өзү 2016-жылы иш-чараларды уюштуруучу компанияны негиздеген.
"Мен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин социалдык маданият, сервис жана туризм факультетин бүтүрүп, 2016-жылга чейин конок үйүн иштеттим. Туристтер менен кандай иштешүү керек, турларды уюштурууну, тейлөө тармагын жакшылап өздөштүрдүм. Бишкекке келип максатыбыз бир үч адам SunHouse Team ивент-агенттигин негиздеп, ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштуруу ишин колго алдык. Акыркы жети жылда 1000ден ашык иш-чара уюштурдук. Биздин кызматты Орто Азия мамлекеттери да пайдаланышат. Компания беш багытта (HR тренинг, маркетинг, продакшн, IT Digital – конференция, MICE-туризм) иш алып барат. Мага туристтик иш-чараларды уюштурган абдан жагат. Бишкектен чыгып, жаӊы локацияларга барып, бизге кайрылган коллективге дем-күч берген кызыктуу", — деди Жапаров.
Ал ивент-менеджерлер маанилүү иш-чаралардын кынтыксыз, көӊүлдүү жана майнаптуу өтүүсүнө шарт түзүп берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0