Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Түндө Киев бийлиги Москвага үч дрон менен чабуул жасады

© Sputnik / Кирилл Зыков / Медиабанкка өтүү"Москва-Ситинин" аймагына түшкөн пилотсуз аппараттын кесепети
Москва-Ситинин аймагына түшкөн
пилотсуз аппараттын кесепети  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Киев режими Москвада теракт кылууга бир нече ирет аракеттенди. Мындай кадам өткөн жекшембиде да жасалган.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Коргоо министрлиги Киев режими Москвага пилотсуз учуучу үч аппарат менен чабуул коюп, бирок атып түшүрүлгөнүн билдирди. Дагы бири радио электрондук коргонуу комплекси менен иштен чыгып, "Москва-Ситинин" аймагына түшкөнүн РИА Новости жазды.
"1-августтун түнүндө Киев режими Москва шаары менен Москва облусуна террордук чабуул жасады. Украиналык пилотсуз учуучу эки аппарат абадан, Одинцово жана Нарофоминск райондорунун аймагынын үстүнөн жок кылынды", — деп айтылган билдирүүдө.
Мындай маалыматты Москванын мэри Сергей Собянин да билдирип, пилотсуз учуучу аппарат Россиянын борборундагы "Москва-Сити" комплексиндеги мунаралардын бирине тийгендигин тастыктаганын РИА Новости жазды.
"Москвага учуп киргенге аракет кылган пилотсуз бир нече аппаратты абадан кол салууга каршы иштеген система атып түшүрдү. Бир учак өткөндөгү окуя сыяктуу Ситинин ичиндеги мунарага келип тийди. 21-кабаттын деңгээлиндеги фасад талкаланган. Ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатат", — деп жазган мэр өзүнүн Telegram-каналына.
Собянин айнектелген 150 чарчы метр аймак талкалангандыгын кошумчалап, ал эми жабыркагандар тууралуу маалымат жоктугун билдирди.
Бул Киев режиминин Москвада теракт кылууга кылган биринчи аракети эмес. Мындай кадам өткөн жекшембиде да жасалган. Бир дронду абадан кол салууга каршы система атып түшүрүп, экөө зыянсыздандырылып, "Москва-Сити" комплексинин аймагына кулаган.
Москвадагы Москва-Сити бизнес борборунун аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Украиналык дрондор Москвага кайрадан чабуул жасоого аракет кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0