Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды

© AFP / BAY ISMOYO Доллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Эми акчаны кайсы валютада жөнөтүлсө банктардан ошондой алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук банк жарандарга которулган акчаны чет жактан жөнөтүлгөн валюта менен толук өлчөмдө алууга уруксат берди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде эл аралык система менен (эсеп ачпай туруп) каражат которуунун эрежелери өзгөртүлгөн. Акчаны кайсы валютада жөнөткөнүнө карабай, Кыргызстандан сом түрүндө же жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасы менен гана алууга мүмкүн эле. Мисалы, эгер Казакстандан доллар которсо банктар аны сом же теңге түрүндө гана берип келген. Ал эми доллар түрүндө АКШдан которулган каражаттарды гана берип жаткан.
Июлдун ортосунда Улуттук банк аталган норманы алып салууну сунуштаган, буга валюта рыногунда кырдаал турукташканы жана банктардын накталай доллар запасы жетиштүү болуп калганы негиз болгон.
Жаңы кабыл алынган токтомго ылайык, акча кайсы өлкөдөн кандай валютада которулбасын, Кыргызстандан алып жатканда чектөө болбойт.
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Быйыл 5 айда Кыргызстандан чет жакка 224 млн. доллар которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0