Жогорку айлык, диплом, саякат: "Алабуга Старт" эл аралык программасы кабыл ала баштады

© Фото / Пресс-служба АО "ОЭЗ ППТ "Алабуга""Алабуга Старт" эл аралык программасын катышчуусу
Алабуга Старт эл аралык программасын катышчуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Компания жаңылыктары
Россиянын мыкты өзгөчө экономикалык зонасы жаш кыздарды композиттик өндүрүшкө ишке орноштуруу боюнча "Алабуга Старт" эл аралык программасы ишке киргенин жарыялады.
Сунуш кызыктуу: 580 доллар өлчөмүндөгү эмгек акыдан сырткары кыздар акысыз билим алып, Россия боюнча саякаттай алышат. РФке көчүп келүү келечегине Кыргызстандын жүздөгөн кыздары кызыгып калды. Долбоор жөнүндө так маалымат биздин материалда.

Аталардан, күйөөлөрдөн көбүрөөк иштеп табууга болобу? Болот, оӊой эле!

Россияда "Алабуга Старт" жаӊы дуалдык программа ишке киргизилгендиги жарыяланды: жумуш + Туполев атындагы Казань улуттук изилдөө техникалык университетинин (КАИ) технологиялык колледжинин базасында билим алуу. Татарстан Республикасына акысыз көчүп келүү, турак жай, билим алуу жана жакшы акча тиштеп табуу мүмкүнчүлүгү — бул программанын артыкчылыгынын бир эле бөлүгү.
Кыргызстандан барган 18 жаштан 22 жашка чейинки кыздарга $580 (50,8 миӊ сом) эмгек акы менен композиттик буюмдардын заманбап өндүрүшүндө иштөө сунушталат. Бул сандар кызыгууну туудурарын белгилей кетүү керек. Sputnik агенттигинин маалыматы боюнча, өткөн жыл үчүн Кыргызстандагы орточо эмгек акы 25 миӊ сомду түздү, мындайча айтканда, "Алабуга Старттын" минималдык сунушунан эки эсе аз.
© Фото / Пресс-служба АО "ОЭЗ ППТ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
"Программаны жакында эле ишке киргизгенибизге карабай, ага болгон кызыгуу бүгүнкү күнү бир топ жогору. Кыздар бизге телефон чалып жатышат, айрымдары көчүп келүүгө даяр экендигин билдиришти, — дейт долбоордун куратору Никита Константинов. — Алгач көпчүлүгү жашоосун түп-тамырынан өзгөртүүдөн коркушкан. Албетте, биринчи кадамды жасоо дайыма оор. Көчүп келгендер азыр иштеп, жакшы айлык алып жатышат. Айрымдары эмгек акыларынын жарымын үй-бүлөсүнө жардам иретинде салып жиберерин билем. Айрым кыздар аталарынан, агаларынан жана күйөөлөрүнөн көбүрөөк акча таап жатышкандарын айтып, кубанышты".
"Алабуга Старт" программасы жаш кыздарга эмгек жолунда биринчи кадам таштап, чыныгы ишке ээ болуу менен жакшы акча таап, өз жолун тыӊдап, көз карандысыз инсан болуусуна мүмкүндүк берип жатканын дагы кошумчалап кетти.
Программа россиялыктар үчүн да, чет өлкөлүк жарандар үчүн да жеткиликтүү. Иш тажрыйбасы жоктор да бул программа боюнча ишке орношо алышат.
"Татарстандагы кесиптештерден кызыктуу жана инновациялык сунуш. Мисалы, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда азыраак табышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, орто статистикалык аял айына 16 миӊ 524 сом, ал эми орто статистикалык эркек 21 миӊ 999 сом иштеп табат. Эгер эркектин эмгек акысын 100 пайыз деп алсак, аялдар суммадан 75,1 пайызын гана алышат", — дешет экономисттер.

Мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана Россия боюнча саякаттоо

"Алабуга Старт" программасынын расмий Тelegram каналында бул программанын катышуучу кыздарына Россия бекер көчүп келүүгө кепилдик берери белгиленген. Кыздар 1000 жылдык тарыхы бар Елабугага – Татарстандын туристтик шаарында жашашат.
Республикада программанын алдында атайын жаӊы "Түштүк парк" турак комплекси курулган, катышуучулар үчүн батирлер берилет. Ал үйлөрдө бардык шарт түзүлгөн: жаӊы эмерек жана тиричилик техникалар коюлган.
Константинов белгилегендей, программанын катышуучулары менен алгачкы келишим 6 айга түзүлөт. Андан кийин кыздар Россияда жашоону же үйүнө кайтууну чечишет.
"Эмне себептен кыздар? Себеби кесиптердин көбү аялдардын дыкаттыгын талап кылат", — деп түшүндүрүштү "Алабугада".
© Фото / Пресс-служба АО "ОЭЗ ППТ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
"Алабуга Старт" долбоору чет өлкөлүктөргө дуалдык программаны сунуштайт. Жөнөкөйлөтүп айтканда, окутуунун мындай түрүндө даярдоонун теориялык бөлүгү билим берүү уюмунун базасында, ал эми практикалык иши жумушчу орунда өтөт. Программанын катышуучулары композиттик өндүрүштө, ошондой эле сервисте, логистикада жана башка жактарда иштей алышат. Аягында иш тажрыйбасынан сырткары, катышуучулар КАИ КУИТУнун же Лемаев атындагы нефтехимия жана нефтини кайра иштетүү нижнекамск колледжинин мамлекеттик үлгүдөгү дипломуна (тандаган кесибине жараша болот) ээ болушат. Башкача айтканда, бул иш табууга гана эмес, мамлекеттик үлгүдөгү диплом менен билим алууга да сонун мүмкүнчүлүк.
Иштегенден 6 ай өткөндөн кийин программанын катышуучулары Россияда сонун туристтик багыттарга: Москвага, Санкт-Петербургга, Казанга ж.б. жерлерге саякатка чыга алышат.
"Бул жерден өз бактысын таап, үй-бүлө кургандар да болор. "Алабуга" дүйнөлүк деӊгээлдеги компания экендиги жашыруун эмес. Анын кызматкерлери Россияда жогорку деп эсептелген айлык алышат", — деп кошумчалады программанын өкүлү.
Кыргызстандан жүздөн ашык кыз бул жаӊы программага катышуу ниетин билдиргендиги белгилүү.

"Татарстанга көчүп келүү мага ыӊгайлуу болду"

"Алабуга Старт" программасынын Татарстанга көчүп келген катышуучулары бул долбоор жөнүндө жакшы пикирлерин айтып жатышат. Алсак, Кыргызстандан барган өкүл Наргиза Ходжаеванын айтымында, менталиттетин жана маданиятыбыздын окшоштугу жаӊы жерге тез көнүүгө мүмкүнчүлүк берген.
© Фото / Пресс-служба АО "ОЭЗ ППТ "Алабуга"Международная программа "Алабуга Старт"
Международная программа Алабуга Старт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
"Программа тууралуу мен таанышымдан уктум, ал интернет түйүнүнөн жарнамадан окуптур. Ата-энесинен бөлүнүп, өз алдынча жашоо баштоону каалап жүргөн экен, бирок башка жакка көчүп чыгууга батына албай жүрүптүр, — дейт Ходжаева. — Экөөбүз сүйлөшүп бул жакка чогуу кетели деп чечтик, азырынча өкүнө элекпиз. Бирге жайгаштык. Бул жакта иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Иш берүүчүлөр биздин аракетибизди белгилеп, жакында айлыгыбызды көбөйтүп берүүнү убадалашты".
Анын айтымында, иш жөнөкөй эмес, бирок аткарууга болот. Эмгек акыны туруктуу төлөшөт, кечиктирүү болбойт.
"Жергиликтүү колорит кызыктырды. Эки элдин тилинде, ашканасы, салтында көп окшоштук бар. Бирок Татарстан аябай өнүккөн, көп улуттуу регион экен, — деп сөзүн улады Ходжаева. — Көчүп келүүдө кыйналган жокпуз. Бул жактагы шарттар жөнүндө курбуларыма да айттым. Жакында жаныбызга башка курбуларым да келгени турат. Анан Казань шаарына барып келсек дейбиз. Бул жактан эки сааттык эле жол экен. Анан, буюрса, Москваны дагы көрөбүз".
"Мен "Алабуга Политех" колледжине тапшыргым келген. Бул Россиядагы чыныгы адистерди даярдап чыгуучу эӊ чоӊ борбор. Бирок, тилекке каршы, деӊгээлим боюнча бир аз жетпей калдым. Алгач кыялыма жетпей калдым деп аябай капа болгом. Бирок кийин "Алабуга Старт" программасы жөнүндө айтып беришти. Азыр мен иштеп дагы, окууга тапшырууга даярданып дагы жүрөм, — дейт Лиана Ахметгараева. — Азырынча бул жакта композиттик өндүрүштө иштеп жатам. Бардыгы орду менен экен: костюм, респиратор беришти. Коопсуздукка көзөмөл салып турушат. Мен бардыгына күчүм жетет деп өзүмө ишенем".
Материал коммерциялык негизде жарыяланды
Москвадагы университеттин студенттери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Россия борбор азиялык студенттер үчүн квоталарды көбөйттү
Жаңылыктар түрмөгү
0